Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: кийимдүү çalışma жароокердик
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КӨЙКАП
  • КӨЙКАП
 

КӨЙКАП

 
КӨЙКАП, Кап-Тоо — топоним. Элдин диний мифологиялык түшүнүгүндө бүткүл дүйнөнү курчап турган тоо (араб алфавитинин «К» тамгасына окшош имиш), ал адамдар жашаган жерден эч бир жан каттагыс мейкиндик менен бөлүнүп турат. Уламыш боюнча жин, пери, дөө жана башкалар адамга кас укмуштуу жандар жашайт. Түрк-иран элдеринин фольклорунда К. жердин акыркы чеги катары сүрөттөлөт. «Манаста» да К. элдик уламыштагыдай сүрөттөлөт. Эпостун айрым каармандары К-ка барганы айтылат. Мисалы, Төштүк өзүнүн К-ка барганы жөнүндө Көкөтөйдүн ашында балбанга түш деген Кошойго мындай дейт:
Ай качабы жылдыздан,
Айрылып кетип кыргыздан.
Көйкапта бар канча жан:
Алптар менен алышып,
Дөөгө кыргын салышып,
Пери менен беттешип,
Капыр пери журтуна
Канча жылы кептешип,
Көрбөгөнүм калган жок
Көптөп душман алган жок (Сагымбай Орозбаков, 3. 191).

«Манас» эпосунун сүрөттөөсү боюнча кыргыздарды кара кытайлар басып алып, баш көтөргөндөрүн туш-тушка бөлүп айдаганда Жакыптын бир тууганы Үсөн (ал барган жеринде Көзкаман аталып кетет) да К-ка жакын сүрүлүп барганы «Көзкамандын балдары Көйкапка жакын барганы Көрө албай бизди калганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 175). Манастын жентек тоюна эл чакырган Жакыптын сөзүндө: «Көйкапка кеткен Үсөндү Көрөмбү деп күсөдү» (Сагымбай Орозбаков, 1. 173),— деп Үсөндүн К-та экени Жакыптын агасы Байдын баяны аркылуу эскерилет.
Э. Абдылдаев


Получить все переводы слова - "КӨЙКАП" по направлению Kırgız-Kırgız.
Найти все переводы слова "КӨЙКАП" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КӨЙКАП"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru