КӨГАЛА |
Б. Жумабаев. Көкала (Көкчөнүкү) Сагымбай Орозбаковдо Алмамбет кетеринде Көкчөдөн К-ны сураса, бербей койгону эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 261). |
КӨГАЛА |
Б. Жумабаев. Көкала. К. Чубакка жомоктук керемет менен тийген, баатырга казат жолунда канат боло турган өзгөчө тулпар катарында сыпатталат. Олуя чалдын мүнөздөөсү боюнча К-нын элеси мындайча тартылат: «Кармашка минсең камсыкпайт, Кырк күнчүлүк чөлгө мин! Кыйшаң этип талдырбайт, Кылайтып сыр алдырбайт» (Саякбай Каралаев, 1. 225). К. эпосто реалдуу шартка ылайык идеалдаштырылып, апыртылып сүрөттөлгөн. Чубак согушуп жаткан учурда бардык баатырдык иштерине жардамчы болгон канаты, досу катары кызмат кылат, аны далай жолу коркунучтан куткарат. Эпостун «Сейтек» бөлүмүндөгү башкы душман Сарыбай дөө да К-ны алуу үчүн кыргыздарга далай кордук көсөткөн. А. Жайнакова |
Получить все переводы слова - "КӨГАЛА" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КӨГАЛА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КӨГАЛА"?
Ввойти