КҮНЖАҢЖУҢ |
Эр Эсенкан чамынып, Так үстүндө камынып, Быжылдап кайнап жан толуп, Айжаң-жуң менен Күнжаң-жуң, Жанындагы курдашы, Кеп айтуучу сырдашы, Жакын турган ал болду (Саякбай Каралаев, 1. 165). Согуштардагы эрдиги сүрөттөлбөгөндүгү менен Чоң казатта К-дун Алмамбеттин колунан өлгөнү айтылган эпизод бар (Саякбай Каралаев, 2. 204). Бул ысым «Күн» жана «жаң-жуң» (кытайча «цзяньцзюнь» — генерал, генерал губернатор, колбашчы) деген сөздөрдүн айкалышынан түзүлүп, экинчи бөлүгү эчактан бери кытайларда, кийинчерээк, айрым түрк-моңгол элдеринде титул катары колдонулуп келген. К. антропониминин пайда болушуна, ошондой эле 19к-дагы Цинь империясы менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер да кайсы бир даражада роль ойногон, к. Айжаңжуң. А. Боронов |
Получить все переводы слова - "КҮНЖАҢЖУҢ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КҮНЖАҢЖУҢ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КҮНЖАҢЖУҢ"?
Ввойти