Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КҮЛЧОРО
  • КҮЛЧОРО
 

КҮЛЧОРО

 
КҮЛЧОРО — «Семетей», «Сейтектеги» негизги каармандардын бири, Алмамбеттин уулу, Семетейдин эмчектеш иниси, чоросу. К. эпостогу өзгөчө сүймөнчүк менен реалдуу сүрөттөлгөн образ. Семетейдин эл-жердин биримдиги, эркиндиги үчүн күрөшүндө анын негизги жардамчысы, таянычы болсо, «Сейтекте» ички, тышкы душман менен болгон күрөштөрдүн негизги уюштуруучусу катары көрүнөт. Сагымбай Орозбаков вариантында Семетей сыяктуу эле Көкөтөйдүн ашындагы Кошойдун касиеттүү батасынан кийин туулат:
Арууке келин баласы
Акылдашы ар качан,
Ага болсун чын жоро,
Аты болсун Күлчоро, (Сагымбай Орозбаков, 3. 214— 215),— деп Кошой ошондо эле К-нун ашкан баатыр болорун алдын ала белгилейт. Энеси Аруукенин шердин жүрөгүнө талгак болушу менен келечекте атасы Алмамбеттен ашкан баатыр туула тургандыгы белгилүү болот (Саякбай Каралаев, 2. 183 — 184).
Атасы Алмамбет Чоң казатта окко учуп, К. да Семетей сыяктуу эле жетим калып жетилет. Семетей Таласка кайрылып келгенде жанында жүрүп, анын бардык иштерине катышат. Семетей кайып болуп кеткенден кийин анын өтө жакын адамы катары Канчоро менен Кыястан оор запкы көрүп, Сейтектин аман эсен чоңоюп эр жетишин чыдамсыздык менен күтөт.
К-нун «Сейтек» эпосунун башында баяндалган оор тагдыры ички душманчылыктын күчүн айгинелеп турат. «Күлчоро тирүү турганда Кытайдын иши оңолбойт» — деп Коңурбай чочулаган К. кийин өз жакындарынан далысынын кечири кесилип, өтө аянычтуу абалда Кыястын колунда калат. Ал Айчүрөк, Сейтектин жардамы менен өлүмдөн калып, Карадөө издеп жүрүп таап алып келген Кызылсарт (Момунжан) дарылап айыктырат. К-нун баштагы баатырдыгынын калыбына келиши эпостун окуясынын өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ: Сейтекти алдыга үндөп, кеп-кеңешин берген насаатчы катары да, аны менен чогуу найза сайышып, жоо жоолашкан баатыр катары да зарыл. Ал «Семетейде» чоң орун ээлесе, «Сейтекте» да иш-аракети көңүлгө толорлук сүрөттөлөт. Кыяс менен Канчорону жок кылууда бол сун, Желмогуз уулу Сарыбай менен согушта болсун алдыңкы планда жүрөт. Семетейди таап, элге кошууда да К-нун эмгеги чоң. Кыскасы К. — эпостун экинчи, үчүнчү бөлүмдөрүндө бардык жагынан шайма-шай сүрөттөлгөн каарман.
«Семетейде» К. — экинин бири болуп, Семетейдин образын көп жагынан толуктап турган жигердүү баатыр. Каармандын образы анын ченемсиз баатырдыгына шамдагайлыгы, жайдары, шайыр мүнөзү төп келген, көптөгөн кармаштарда далай душманды узунунан салган К-го тең келе албасын ар дайым ага атаандаша жүргөн Канчоро да мойнуна алат:
Күйдүргү Күлүс шок эле, Сөзүндө сөлтүк жок эле. Чукугандай сөз тапкан, Чуулдап учкан ок эле. Эрдиги менен элдиги Бирдей келген эме эле Бул жагынан Канчоро Күлүскө качан тең эле?! Тили чечен өзү шок, Тирүүдө мындай неме жок! (Курама вариант, «Семетей», 179).
Семетейден ажырагандан кийин аянычтуу абалда калып, Сейтекке кошулгандан тартып мурунку калыбына келет. Саякбай Каралаевдин варианты нда К. — баштан аяк кыраакы каарман, акылман баатыр. Ал эч убакта жоокерлик шартты бузбайт. К. менен Кыяс кармашып жатканда Сейтек келип, Кыястын башын алып салганда, К.: «Кокуй, жалгыз кишини экөөлөп өлтүрдү дебесин, мага эле койбойсуң», — деп кейийт. Айрым варианттарда (Валиханов жазып алган эпизод, Мамбет Чокморовдун варианты) «Мажиктен калган Күлчоро» — делип айтылат. Бирок айрым айтуучуларда Мажик Алмамбеттин мурунку ысымы катары талкууланып, К. кадимки Алмамбеттин өз баласы, Семетейдин эмчектеш бир тууганы экендиги күдүксүз айтылса, айрымдарында Алмамбет окко учкандан кийин Аруукени Мажик алгандыктан «Мажиктин уулу Күлчоро» делип айтылат. К. өмүрүнүн акырына чейин Манастын укум-тукумунан кол үзбөйт. Шапак Рысмендеевдин варианты К-нун Айчүрөккө үйлөнүшү да мына ушунун бир далили сыяктанат.
Саякбай Каралаевдин варианты нда К-го элдин эң сүйүктүү каармандарынын бири катары эпикалык мүнөз берилип, баатырдык күрөштөрдүн курчоосундагы жандуу аракетин көрсөтүүдө анын өзүн гана эмес курал-жарагына чейин толук сыпаттайт. К-нун найзасы, Нескара менен Коңурбайдын башын кескен айбалтасы, атасы Алмамбеттен калган Акбараң мылтыгы анын эпикалык келбетин ого бетер баатырдык шаңга бөлөйт.
Адатта эпикалык баатырлардын курал-жарагы менен кийген кийимин идеалдаштыруу салты көбүрөөк орун алган түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында күчтүү берилген бир өзгөчөлүк бар. Бул өзгөчөлүк — баатырдын образынын ардакталып, ага ылайык бүткөрүлүп, сүрөттөлгөндүгү, ошондой эле К. да колунан бардык иш келген жомоктук баатыр болгону менен анын күрөшүнүн мааниси, максаты реалдуу. Анын образы жалпы эле эпос аркалаган идеяларды тереңдетүүгө, өркүндөтүүгө көмөктөшөт. Айрыкча, чыгармадагы негизги темалардын бири болгон достук темасынын ачылышында да К-нун образы атасы Алмамбеттин образы сыяктуу эле мааниге ээ. К. Семетейдин бар кезинде гана эмес, анын көзү жокто да ага ошондой эле берилген бойдон калат. Өзүнүн керт башынын кызыкчылыгынан достукту, туугандыкты жогору коёт. Чыныгы баатырга таандык айкөлдүк менен Канчородон көргөн кордугун унутуп, аны дагы эле бир тууган кылууга даяр. Ошондуктан, Кыястан өч алып элге келгенде Канчорого кайрылып: «Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас, Үйүрлүү-Марал, Күмүш-Так, Журт күздөөгө сен консоң, Кара-Буура, Кан-Жайлак, Чаткал тосо мен консом, Бармактуу адам батабы? Тырмактуу душман тийеби? (Курама вариант, «Сейтек», 173),— дейт ак көңүл К. өзүнө таандык кең пейилдик менен. Алмамбеттин Кытайдан келгендиги өзү тарабынан же башка бирөөлөр аркылуу дайым айтылып, эскерилип отурса, К-нун түпкү теги кытай экендиги эске да алынбайт. Ал Алмамбеттин баласы, Таласта туулуп өскөн, кыргыз элине, жерине эч качан бөлөк-бөтөн эмес, К. өзү да бүт ой-тилегин иш-аракетин кыргыз элинин жалпы кызыкчылыгына арнайт. Ал — атанын ишин улантуучу, ата-бабанын кегин алуу үчүн жаратылган урпактардын бири. Ошондуктан, анын тагдырына Айчүрөк, Каныкей, Бакайлар кайдыгер карабайт. Семетейден калган жалгыз туяк Сейтектин эр жетишин кандай чыдамсыздык менен күтүшсө, К-нун кайрадан мурдагы калыбына келишин да ошондой эле самашат. Себеби, Манас, Семетей, Сейтек өңдүү башкы каармандарга эриш-аркак түзүлгөн образ. «Манаста» Алмамбеттин баатырдыгы, акылмандыгы, адамгерчилиги кандай төп көрсөтүлсө, К. — да атасынын наамына көлөкө түшүрбөй турган, эрдиги атасынан кем эмес каарман. Ал бүт өмүрүн эл деп зарыптап, эл үчүн иштейт. Элдин өзүнүн түшүнүгүндө да К. Семетейден кем эмес, ал турсун айрым окуяларга К. Семетейден да орчун катышат.
Элдик оозеки чыгармалардагы башкы касиеттердин бири эл тагдыры ойдогудай абалга келмейинче башкы баатырлар өлүүгө тийиш эмес. Элдик фантастика, өчпөгөн үмүт аларды өлтүрбөй кайра жаратууга кудуреттүү. К-ну кайра элге кошууда жөн гана ага ордуна келген ден соолук бербестен, бирде тайдын, бирде иттин далысынын кечирин кыйыштырып (Курама вариант, «Сейтек»), айтор баатырдын эл керегине жарагыдай абалга биротоло келиши үчүн кайдан болсун да даба издеп табышат. К-нун айыккандан кийинки эрдиги «Сейтектин» башынан аягына чейин белгиленип отурат. Желмогуз уулу Сарыбай менен беттешип, сексен күн тынбай урушуп, сексен жеринен жара жегени сүрөттөлөт. Муну менен кармаштын катаалдыгына жараша К-нун баатырдыгы даңазаланат. Анын тагдыры башка эпикалык каармандардын тагдыры менен биримдикте сүрөттөлгөндүктөн Семетей, Бакай, Каныкей, Айчүрөктөрдөн ажырабастан, акырында алар менен чогуу кайып болуп кетет. Айрым варианттарда К-нун кайып болуп кетиши менен чыгарма бүтпөй, Кулансарык, Алымсарык анын балдары катары айтылат. Бирок, бул анчалык салттуу эмес, кийинчерээк кошулган генеологиялык циклди жандандырууга болгон дагы бир аракеттен улам орун алган көрүнүш. К-нун салттык композиция боюнча курулган образы деле — эпостогу өзү аркалаган милдетин толук аткарып турган образ. Семетейге, кийин Сейтекке өөдө тартса өбөк, ылдый тартса жөлөк, астыда жүрсө ак жол, артта жүрсө сан кол болуп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон каарман. Ал өзүнө чейинки баатырлардын, бабаларынын жөн гана вариациясы же көчүрмөсү эмес. Өзүнө таандык ачык максаты, аткарчу так милдети бар, өзү кез келген ар бир кырдаалга, шартка жараша өзгөрүп, жаңыланып турган көркөм образ. Элдин идеалдуу баатыры К-ну тарыхый инсан деп таанууга же анын образын кайсы бир тарыхый адам менен жакындаштырууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Бирок, «Күлчоро» деген аттын байыркы түрктөргө таандык экендиги күмөнсүз. «Күлчоро» антропоними азыркы кыргыз тилинин базасында чечмеленбейт. Ошондуктан анын мааниси бүгүнкү кыргыздар үчүн түшүнүксүз. Мына ушунун өзү айрым манасчылардын бул ысымды туура эмес түшүндүрүүгө түрткөн. Чынында эпоним байыркы түрк тилдеринде активдүү колдонулган «күлиг» жана «чор» («чора») деген эки сөздүн айкашынан түзүлүп, кийинчерээк убакыт өткөн соң Куличор>Күличора>Күлчоро деген формага ээ болгон. Мындай формадагы «Күличор» деген ысым байыркы түрк тилинде «даңктуу», «атактуу» деген маанини туюнткан, ал эми антропонимдин экинчи бөлүгү чоро-чора-чор титулду туюнтуучу сөз катары колдонулуп, хан менен бектин ортосундагы даражаны билгизген. Түбүндө бул сөз байыркы перс тилинен байыркы түрк тилине кабыл алынып, алгач «жоокер», «баатыр» деген маанилерди туюндурган. Ошентип, «Күлчоро» деген сөз атактуу жоокер, даңктуу баатыр деген мааниге ээ жана элдин сүйүктүү баатыры К-нун эпостогу образына толук шайкеш келет.
А. Жайнакова, А. Боронов


Получить все переводы слова - "КҮЛЧОРО" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КҮЛЧОРО" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КҮЛЧОРО"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru