|
КҮБӨК
|
|
КҮБӨК — атайын таш капкан. Ал суусар, кундуз, суур жана башкалар жаныбарларга коюлган. К-түн оозу кууш, түп жагы кеңири болуп, терең чуңкур формада, башкача айтканда жаныбар ичине кирип кайра чыга албай калгандай жасалган. Эпосто: «Жал куйругу түпөктөй, Тумшугуна карасаң Суурга койгон күбөктөй» (Сагымбай Орозбаков, 3. 127),— деп Бокмурундун Мааникери, «Суусарга койгон күбөктөй» (Сагымбай Орозбаков, 2. 319),— деп Алмамбеттин Сараласы сүрөттөлөт. Кооздук үчүн аялдар тагынуучу алтын, күмүштөн кооздолуп жасалган майда-майда желбирөөчтөрдөн турган жасалга да К. делет.
|