КЫРГЫЛЧАЛ |
Кырктын башы Кыргылчал, Кыркында көпкөн жинди чал. Келген чоро улугу, Кеби тентек, чорт кыял Кырк чоронун бузугу Бузукчулук ойлогон Буттайын бузуп ийсе да Буудан Манас кабылан Бузду экен деп койбогон (Саякбай Каралаев, 1. 195). Эпосто К-дын бузукулук иштери бир топ эпизоддордо айтылып, кээде каармандар арасында карама-каршылыктарды, пикир келишпестиктерди туудурат. Варианттардын баарында кезигүүчү Чубактын Алмамбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарышына К-дын бир кытайга тең болбой оорукта калдың деген бузуку кеби себепчи болот. Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты ндагы Чубактын тарынып кетиши, Коңурбайдын Таласка жасаган чабуулу да К-дын Чубак менен Каныкейдин көңүлү жакын деп Манаска жамандагандыгынын натыйжасы. Радлов жазып алган вариантта К-дын бузукулугу атасына кызмат кылып согушуп жүрүп чарчадык, эми баласы алдына салып айдап жүрүп өлтүрөт деп куйтуланып азгырганы кырк чоронун качышына, Семетейдин колунан өлүшүнө алып келет. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас өлгөндө кырк чоронун Абыке, Көбөш тарапка өтүп кетишинде да К. негизги ролду ойнойт. К-дын терс сапаттары жөнүндө Букардан Таласка келгендеги сөзүндө Каныкей мындай дейт: Кырк чоронун кыйшыгы Кыргыл чал какшаал өлдүбү? Кыргыл чал чочко өлбөсө, Кыямат жүзүн көрбөсө Кең Талас бизге жер болбойт, Алты агаң бизге эл болбойт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 309—310). К-ды кырк чоро менен кошо Семетей өлтүрөт. С. Төлөгөнова |
Получить все переводы слова - "КЫРГЫЛЧАЛ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КЫРГЫЛЧАЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЫРГЫЛЧАЛ"?
Ввойти