Меню
Эл-Сөздүк

КЫРГЫЗДАР

КЫРГЫЗДАР — этноним. «Манас» эпосун жараткан эл. Бул эпопеяда кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлгөн. Ушуга байланыштуу К-дын байыркы жана ошондой кылымдардагы тарыхына кыскача токтолууга болот. «Кыргыз» аты биринчи жолу орхон-эне-сайлык түрк эстеликтеринде кездешет. Ал эми кытай тилиндеги китептерде бул этноним андан мурун ар түрдүү иероглифтер (тамга) менен жазылып келген. Алардын транскрипциялары (чечмеленген) цяьгунь, хягас, хагас, сяцзясы, хэгасы, хэхэ, хякя, цилицисы, хэлецзы, циэргайсы жана киэрцзис. К. байыркы доордо Моңголиянын түндүк батышындагы Кыргыз-нур көлүнүн айланасында көчүп жүрүшкөн. Андан кийин алар биздин заманга чейинки доордун аяк чендеринде гунн урууларынын кысымынын натыйжасында Саян тоолорун ашып Миң-Суу (минусин) ойдуңуна көчүп барышып, жергиликтүү динлин уруулары менен аралаш жашашкан. Орхон-эне-сай рун жазуулары жана кытай китептеринде 6—9-кылымда Миң-Суу өрөөнүндө жашаган. К. жөнүндө маалыматтар көп кездешет. Бул мезгилдерде алар түрк кагандыгына (6—7-к.) баш ийишкен, бирок кандайдыр бир деңгээлде саясий өз алдынчалыгын сактап калышкан. Түрк кагандыгы узакка созулган согуштардын жана ич ара келишпес жаңжалдын кесепетинен начарлай баштаган. Бул абалдан пайдаланып, 745-ж. уйгур башкаруучусу Моюн-чур Саян-Алтайда жашаган уруулардын колдоосу менен түрк кагандыгын жеңип, Борбордук Азиядагы саясий бийликти колуна алган. Моюн-чурдун төңкөрүшүнө эне-сайлык К. да активдүү катышкан. Бирок, бир аз убакыттан кийин алар, Түштүк Сибирдеги башка уруулар сыяктуу эле уйгур кагандыгына күч менен бириктирилген. Бул абал деле көпкө созулган эмес. К. түндүк тараптан уйгур кагандыгына тез-тез кол салып турган. Мына ошондуктан Моюн-чурдан кийинки кан Мочжо Голе 758-ж. К-га каршы жортуул уюштуруп, алардын 50 миң жоокерин талкалаган. Буга карабастан уйгур каны К-га саясий өз алдынчалыгын берүүгө аргасыз болгон. Алардын ортосундагы күрөш 820-жылдардан баштап өтө күч алган. Жыйырма жылдык кармашуудан кийин уйгур канын жеңип алуусуна көзү жеткен кыргыз ажосу ага төмөнкүчө кабар берген: «Сенин өмүрүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду алып, анын алдында атымды байлайм, туумду саямын. Эгерде мени менен күч сынаша алсаң тез кел, анте албасаң тезирээк кет». Мына ушул мезгилдерде уйгур кагандыгынын ички жана тышкы абалы начарлай баштаган. 839-ж. эпидемия тараган, кышында кар калың түшүп, малдар ири чыгашага учураган, ачарчылык күчөгөн. Кандын ордосунда ич ара келишпөөчүлүк күч алган, сарай төңкөрүштөрү көбөйгөн. Чыгыш Түркстанда тибеттер менен болгон узакка созулган согуш өлкөнүн экономикалык абалын кыйындаткан. 840-ж. уйгур аскер башчысы Күлү Бага козголоң чыгарып, кыргыз канын жардамга чакырган. Ал болсо ушул жагдайдан пайдаланып, 100 миң аскер менен Эне-Сай өрөөнүнөн Моңголияга карай жортуулга чыгып, Орхон дарыясынын боюндагы уйгур кагандыгынын борбору Орду-Балыкты курчаган. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз каны өзү уйгур башкаруучусунун ордосун талап, өрттөөгө катышкан. Акыркы уйгур каны Хэси Дэлэ өлтүрүлгөн. Уйгур каншасы (кытай принцессасы) Тай-хо колго түшүрүлгөн. Орду-Балыктын калдыгын археологиялык изилдегенде, анын К. тарабынан талкалангандыгы далилденди. Аны казганда «кыргыз вазалары» табылган. Ал буюм жумуртка формасында, ичке моюндуу, түбү жалпак, кооздолуп жасалган. Мындай вазалар К. жашаган Миң-Суу өрөөнүндөгү көрүстөндөрдөн табылган. Алардын Эне-Сай ойдуңунун башка райондорунан табылышы, К-дын 840-жылдары ал жерлерди каратып алгандыгын далилдейт. Мурун кыргыз канынын ордосу Миң-Суу өрөөнүндө болгон, 840-ж. кийин ал Танну-Ола тоосунун түштүгүнө, уйгур кагандыгынын борборунан 15 күндүк аралыктагы жерге көчүрүлгөн. Аны Батыш Моңголиядагы Улуу көлдөр айланасындагы кыргыз көрүстөндөрү ырастайт. Эне-Сайлык К. 9-кылымда саясий жактан күчөп турган мезгилде Түш. Сибирди жана Борбор Азияда көп райондорду каратып алышкан. Аны ошол жерлерден табылган археологиялык буюмдар аныктайт. К-дын өзүлөрүнө тиешелүү маданий, үрп-адат калдыктары эң алгач Хакассиянын Тюхтят өрөөнүнөн казылып алынган. Алардын өзгөчөлөнгөн белгилери төмөнкүдөй: өлгөн адамдардын сөөгүн өрттөп, анын калдыктарын бир жылдан кийин көрүстөнгө алып келип көмүшкөн. Көрүстөндөрдүн үстү боз үй формасында курулган. Кыргыздардын бул адаты кытай китептеринде да жазылып калган. Алардын көмүү адаттарынын мындай калдыктары Миң-Суу өрөөнүнөн алыс аймактардан да табылды. Бул археологиялык фактылардын жана китептердеги маалыматтардын негизинде 9—10-кылымда К-дын кайсы территорияга чейин барышкандыгын аныктоого болот. Эне-Сай К-ы түндүк тарапта Кызыл-Жарга чейин барышкан. Аларга тиешелүү көрүстөндөр ушул шаардын жанынан табылган. Уйгурлардын Кечжили тегин башчылык кылган бир бөлүгү азыркы Якутия-Байкал тарапты көздөй качып кетишкен. Алардын артынан К-дын баргандыгын Төмөнкү Иволга жана Хойцегордогу археологиялык табылгалар айгинелейт. Тегин Хэуче башчылык кылган уйгурлардын экинчи бир бөлүгү Моңголиянын чыгышында жашаган кидандарга качып кетишкен. Алардын артынан К-дын кууп барышын археологиялык табылгалар далилдейт. Чыгыш Моңголиянын Суджи аттуу жеринен кыргыз акимине (мүмкүн аскер башчысына) арналган эстелик биздин заманга чейин келип жетти. Анда мындай жазуу бар: «Уйгур жерине Йаглакар кан ата келдим. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, даражалуу сотмун. Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсүмүн. Атак-даңкым (кабарым) күн чыгышка, батышка тийди (жетти). Бай (бар) элем. Асылым (короом) он, жылкым сансыз эле. Иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Уулумду үйлөндүрдүм. Кызымды калыңсыз бердим. Фкутуучума жүз эр, турак (жай) бердим. Жээнимди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. Уулум эр жеткенде окутуучуңдай бол. Канга кызмат кыл, кайраттан».
Орду-Балыкты К. алгандан кийин уйгурлардын ири бөлүгү түштүккө, Кытай чек арасына карай качып кетишкен. Алардын башында кан болуп шайланган принц Уцзе тегин турган. Ушул мезгилде кытай императору Уцзе кандын тобун К-дын күчү менен жок кылууга көп аракет кылган. Тарыхый маалыматтарга караганда 843-ж. кыргыз кошундары Эдзин-Гол өрөөнүндө жайгашкан уйгурларга ийгиликтүү чабуул жасашкан. Уцзе, андан кийин Энянь башчылык кылган уйгурлардын тобу Чоң Хинганга жана анын түштүк-батыш тарабындагы аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Кыргыз каны аларга каршы 848-ж. жортуул уюштурган. Биринчи министр Або башчылык кылган 70 миң кыргыз жоокерлери Гоби чөлү аркылуу өтүп, шивейлерди жеңип, уйгурларды туткундап кайтып келишкен. Моңголиянын Чыгыш-Гови аймагындагы Барун бигичт жергесинде аскага чегерилген атчан жоокердин сүрөтү табылган. Анын чегерүү ыкмасы, аттын жабдыктары Эне-Сай К-нын эстеликтерине өтө окшош экен. Б. В. Вольков Гобидеги бул сүрөттү К-дын уйгурлар менен күрөшүнө байланыштырат. Балким Барун бичигтеги аскага чегерилген атчан жоокер Або башчылык кылган кыргыз кошуну Гоби чөлүнөн өтүп бара жатканда тартылгандыр. 9—10к-да Эне-Сай К-ры түндүк-батышта Новосибирск, Томскиге чейин барышкан. Аны Кемеров жана Новосибирск областтарындагы К-дын тюхтях сыяктуу көрүстөндөрү айгинелейт. Томскинин жанында жана Жогорку Обдо өлгөндөрдү жөн эле көмүлгөн жана алардын өрттөө адаттарынын калдыктары табылган. Ал эми Новосибирскинин айрым райондорунан «кыргыз вазалары» казылып алынган. Эне-Сай К-ры 9—10к-да саясий жактан күчөп турган мезгилде Тоолуу Алтай аймагына да кирип барышкан. Ага Усть-Кан районунундагы Мөндүр-Соккон кыштагындагы Тарпак аттуу даңктуу кыргызга арналган руникалык жазуу далил боло алат. Ушул эле мезгилде Эне-Сай К-ы батышта Иртыш дарыясына чейин барышкан. Археолог Ф. X. Арсланова бул суунун боюндагы Бобров кыштагынан өрттөлүп же жөн эле көмүлгөн көрүстөндөрдү жолуктурган. Мындан тышкары ал Чыгыш Казакстандын Шемонайхинск районунан 14 сөөгү өрттөлүп көмүлгөн көрүстөндөрдү изилдеген. Айрым мүрзөлөрдө өрттөлбөй ат менен кошо көмүлгөн калдыктар да табылган. Ал эми кээ бир көрүстөндөрдүн ичинен өрттөлгөн жана аны менен бирге жөн эле көмүлгөн адамдардын калдыктары да кездешкен. Окумуштуулардын пикири боюнча мындай адаттар көчүп келген К. менен жергиликтүү кимактардын же башка уруулардын арала шып кетишинен пайда болгон.
Чыгыш авторлорунун маалыматтары боюнча Эне-Сай К-ы 840-жылдары канзада Пан-Тегин башчылык кылган уйгурлардын артынан Тянь-Шань жана Жети-Сууга чейин келишкен. 843-ж. алардын Кытай императоруна барган элчиси Табу Хэцзу мындай кабарды айткан: «Кыргыздар Аньси (азыркы Куча), Бэйтин (Бешбалык, урандысы Үрүмчү шаарынын жанында), дада (татар) жана беш аймакты (урууну) баш ийдирип алышты». Бул кабар кытай тилиндеги дагы бир эмгекте кайталанат. 843-ж. кыргыз ажосунун (башкаруучусунун) ордосуна барып келген кытай элчиси Чжао Фан да К-дын Куча менен Бешбалыкка чабуул коюп жаткандыгын кабарлаган. Перс тилинде белгисиз автор (10-к.) жазган «Дүйнөнүн чек арасы» аттуу китепте төмөнкүдөй мазмундагы маалымат жазылган: «Пенчул (азыркы Үч-Турфан) карлук өлкөсүндө жайгашкан, аны мурун тогуздар ээлеп турушкан, азыр кыргыздар басып алышты». Ушул эле эмгекте К-дын Жети-Суу, Чыгыш Тянь-Шандын аймагында жашап тургандыгы баяндалган. Анда карлук, ягма, тухси, чигил жана уйгурларды жогоруда аталган региондорго жана Орто Азиянын территориясында жайгаштырылган. Ал эми К. болсо алардын коңшусу катарында көп жерде эскерилет. Маселен, К. карлук менен чигилдердин түндүгүндө, тухсилердин чыгышында жайгаштырылган. Карлуктар Чу-Талас өрөөнүндө, тухси, чигилдер Ысык-Көлдүн айланасында жашашкандыгын билебиз. Демек, «Дүйнөнүн чек арасынын» автору К-ды Жети-Суу жана Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна жайгаштырат.
Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Тянь-Шань, Жети-Суу аймагына келгендигин археологиялык табылгалар да далилдейт. 1961-ж. Иле өрөөнүндөгү Текели шаарынын жанынан 76 темир жана коло буюмдары табылган. Алар 8—10к-да жасалыптыр. Бул буюмдар Чыгыш Казакстандагы кыргыз көрүстөндөрүнөн казылып алынган табылгалар менен өтө окшош экен. А. Н. Бернштам Нарын дарыясынын боюндагы көрүстөнү менен Эне-Сай өрөөнүндөгү 8—9-кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдүн көмүү адаттары окшош экендигин аныктады.
Талас өрөөнүнөн табылган 9—10-кылымдарга тиешелүү таштардагы «отуз огдан» рун жазуусунун Эне-Сай К-нын Тянь-Шань тоолоруна көчүп келиши менен түздөн-түз байланышы бар. 9-кылымда Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Орто Азия, Чыгыш Тянь-Шанга көчүп келишип жашап калышкандыгын араб, перс, кытай тилинде жазылган китептердеги маалыматтар да далилдейт. 981—983-ж. кытай элчиси Ван Яньдэ уйгурлардын Турфан княздыгына барган. Ал ишине байланыштуу батышта Бешбалык шаарына чейин саякат жасап, көргөн, уккандары жөнүндө жазып калтырган. Анда К. ягма, чигил жана башка уруулар менен бирге Турфан мамлекетчесинин аймагында жашагандыгы баяндалган. Мүмкүн К. Ван Яньдэнин убагында Бешбалык калаасынын айланасында көчүп жүрүшкөн чыгар. Алардын 843-ж. ушул шаарды каратып алгандыгын эстен чыгарбоо керек. К-дын Бешбалыктын батыш тарабындагы көчүп жүргөндүгүн ошондой кылымдардагы башка авторлор да маалымдайт. Ал жөнүндө төмөндө сөз болот. 11 — 12-кылымдын аралыгында жашаган араб автору ал-Марвази да К-ды чыгыш Тянь-Шандын аймагына жайгаштырат. Анын маалыматы боюнча К. кимактардын түштүгүндө, ягма менен карлуктардын чыгышында, Куча жана Карашардын түндүк-чыгышында орун алышкан. Эгер бул кабарларды иликтесек К. 11-кылымда Чыгыш Тянь-Шандын Манас өрөөнүнүн ары-бери жагын мекендеп турганына шек кылууга болбойт. Маселен, ал-Марвазинин өзүнүн маалыматы боюнча карлуктар Алтай тоолорунан көчүп келип Или, Чүй жана Талас өрөөндөрүнө отурукташып калышкан. Мындан алардын чыгыш кошунасы К. экендиги айгинелеп турат. Окумуштуулардын пикири боюнча кимак уруулары 10-кылымда Иртыш дарыясынын Жуңгар тоолоруна чейин көчүп жүрүшкөн. Демек, ал-Марвази жазгандай К. алардын түштүк кошунасы болушкан. Жогоруда Эне-Сай К-ы өлгөндөрдү өрттөп көмгөндүгү жөнүндө археологиялык фактыларды келтирдик. Ал-Марвази бул алардын мурунку салты болгон, ал эми К. мусулмандардын кошунасы болгондон баштап өлгөндөрдү көмүү салтына өттү деп жазган. Чындыгында эле ислам караханийлер кагандыгынын мамлекеттик дини болуп, 11-кылымда чыгыш тарапта Черчен, Куча, Ала-Көлгө чейин тараган. Демек, ошол мезгилде Чыгыш Тянь-Шанда жашаган К. мусулмандардын кошунасы болгондуктан алардын таасири астында өлгөндөрүн көмүү салтына өтүшкөн. Перс автору Джувейнинин маалыматы боюнча кара кытайлардын гурханы Елюй Даши 1120-ж. чыгыштан Орто Азия тарапты карай келе жатып К-га жолуккан, алар катуу каршылык көрсөткөндүктөн Эмиль өрөөнүнө келип токтогон. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин гурхан Баласагунду, Кашкарды жана Хотанды каратып К-га каршы жоокерлерин жиберип, аларды жана Бешбалыкты жеңип алган. Бул маалымат К-дын 12-кылымда Бешбалык шаарынын жанында көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт. Моңгол каны Үгедейдин небереси Хаиду 13-кылымдын 2-жарымында Азия, Жети-Суу жана Чыгыш Түркстандын аймагында өз алдынча мамлекет түзгөн. Ал өлгөндөн кийин анын мурасчыларынын жана чагатаид канзаадаларынын ортосунда бийлик үчүн күрөш жүргөн. Мунун натыйжасында өлкөнүн экономикалык абалы начарлаган. 16-кылымдагы автор Махмуд ибн Вали бул жөнүндө мындай деп жазган: 1307—08-ж. Хайдунун мурасчысы Чапардын элчилери чагатаид Кенжеке келип, ич ара жаңжалдан пайдаланып кыргыз жана кытайлар талоончулук жолуна түшкөндүгүн айтышкан. Бул кабар 13—14-кылымда Хайду мамлекетинин аймагында К. жашап тургандыгын айгинелейт. Ошондой азиялык автор Абдар-Раззак Самаркандинин эмгегинде Тимурдун небереси Искендердин 14—15-кылымдын аралыгында Могулистанга жасаган жортуулу жөнүндө баяндалган. Андагы маалыматтар боюнча Искендер Или өрөөнүндөгү Алмалыктан жана Хотандан ондогон сулуу айымдарды, К-дан жана Бешбалыктан сүйкүмдүү кыздарды чоң атасына тартууга жиберген. Бул тарыхый факт К-дын 14—15-кылымда Бешбалык шаарына чектеш көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт.
1450-жылдардын аяк чендеринде Ак ордонун каны Барактын балдары Жаныбек жана Гирей башчылык кылган казактар Абу-алХайрдан качып Моголстанга көчүп келишкен. Ошол убактагы Моголстандын каны Эсен-Бука аларды Талас, Чүй жана Или өрөөндөрүнө орноштурган Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча бир аз убакыттан кийин эле Жаныбек, Гирейдин адамдары кыргыз, калмак урууларын талап-тоноого киришкен. Талоонго учурагандардын бири калмактар Иртыш-Или аралыгында жана Жуңгарияда көчүп жүргөндүгү белгилүү. Ал эми К. болсо Алмалык менен Бешбалык шаарынын ортосундагы райондордо жашап турушу ыктымал.
Махмуд ибн Валинин эмгегинде 1468-ж. Абу-ал-Хайрдын калмак, К-га каршы жасаган жортуулу жөнүндө маалымат бар. Ал армиясы менен Талас, Чүй өрөөнү аркылуу өтүп, азыркы Алматы шаарынан алыс эмес жерде ооруп каза болгон. Абу-ал-Хайрдын жүргөн бул жүрүшү калмак, К-дын биз жогоруда атаган аймактарда көчүп жүрүшкөндүгүн дагы бир жолу айгинелейт. 1541—47-жылдарда жазылган Мухаммед Хайдердин эмгегинде К-дын азыркы отурукташкан жерлерде жашап тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар бар. Демек чыгыш авторлорунун маалыматтары жана археологиялык табылгалар Эне-Сай К-ы 9-кылымда саясий жактан күчөп турган доордо чыгышта Чоң-Хинганга, түштүктө Эдзин-Гол өрөөнүнө чейин барышкандыгын далилдейт. Алар батышта Иртыш дарыясына чейинки жерлерди каратып алышкан. Кытай китептериндеги фактылар Эне-Сай К-нын эң алгачкы бөлүгү Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна 840-ж. келгендигин айгинелейт. Алардын 9—10-кылымда ушул региондо жана Жети-Сууда ири этникалык топ болуп жашап калышкандыгын айрым археологиялык материалдар, Ван-Яньдэнин жана «Дүйнөнүн чек арасы» китебиндеги маалыматтар далил боло алат. Ал эми ал-Марвази, Джувейни, Абдхар-Раззак Самарканди жана Махмуд ибн Валинин маалыматтары боюнча К. 11 — 15-кылымда ошол аталган аймактарда көчүп жүрүшкөн. Алардын негизги массасы Бешбалык менен Алмалыктын ортосунда жайгашкан. Мухаммед Хайдердин маалыматы боюнча чыгыш Тянь-Шандык К. 15—16-кылымда бара-бара Борбор Тянь-Шанды жана Батыш Кашгарияны ээлеп алышкан. 9—10-кылымдан кийин Эне-Сай К-ынын Тянь-Шань тоолоруна келиши жөнүндө эч кабар жок. Бирок алардын айрым бөлүктөрү кара кытай, моңгол жана калмактардын батышка карай жортуулдары менен бирге Тянь-Шандык К-га келип кошулушу ыктымал. Акырында айтарыбыз мурунку мезгилдерде ар кандай себептер менен Алтайга, Моңголияга, Тянь-Шань тоолоруна, Волга боюна, Кытайдын Фуюй уездине көчүп барышкан К-дын түпкү теги Эне-Сай өрөөнүн мекендеген.
Ө. Караев

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокыргыз
Множ. числокыргыздар
Склонение по падежам - "кыргыз"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кыргыз
Родительный Чей?кыргыздын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кыргызга
Винительный Кого?, Что?кыргызды
Местный Где?, У кого?кыргызда
Исходный Где?, У кого?кыргыздан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кыргыздар
Родительный Чьи?кыргыздардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кыргыздарга
Винительный Кого?, Что?кыргыздарды
Местный Где?, У кого?кыргыздарда
Исходный Откуда?, От кого?кыргыздардан

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: