Menü
Эл-Сөздүк

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ — жумуряттын элге билим берүү министрлигинин алдындагы илимий мекеме. 1951-ж. негизделген. Педагогика жана психология, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, орус жана чет тилдерин окутуу, башталгыч класстар жана мектепке чейинки тарбия берүү, тил эмес предметтерди окутуу усулу бөлүмдөрү, китепканасы, аспирантурасы бар. Кырктан ашык оригиналдуу окуу китептери жана окуу куралдары даярдалган, жыл сайын 60 басма табак көлөмдүн айланасында усулдук китептер институттун грифи менен басылып чыгып, мектептерге жиберилет. Предметтер, факультативдик окуулар, предметти тереңдетип үйрөтүү боюнча 100дөн ашык программа түзүлгөн. Институтта улуттук мектептерде бардык предметтерди окутуунун жеке усулдары менен кыргыз салтына, үрп-адатына байланыштуу этнопедагогикалык теориялар изилденет. «Русский язык и литература в киргизской школе» (1958) илимий-методикалык журналы эки айда бир жолу чыгат. Аталган журналда «Манас» эпосуна байланыштуу бир нече макалалар жарыяланган. Кыргыз тили жана адабияты секторунда ар кайсы мезгилде эмгектенишкен окумуштуулар (Б. Алымов, Т. Саманчин, В. Шнейдман, Н. Кангелдиев, С. Байгазиев, С. Рысбаев) «Манас» эпосун окутуу боюнча илимий-методикалык изилдөөлөр жүргүзүшкөн. Т. Ормонов жана Д. Саалиева эпостогу тарбиялык идеялар жана бул чыгарманы окутуу боюнча диссертация жазган. Институт уюштурган илимий конференцияларда, педагогикалык окууларда жалпы билим берүүчү мектептерде эпостун проблемасына арналган ондогон докладдар окулган.
А. Муратов, Б. Кыдырбаева


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: