|
КЫЗАРТ
|
|
КЫЗАРТ — топоним. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча кыргыздар Алтайдан көчүп келаткан жолдо калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Абалкы аты Ара-Бел Кыяматтын журтуна Кызарт аттуу бел болду» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 561-б.),— деп калмактын Катыраң аяр кызы кыргыз колун апсун окуп сыйкырлап, алакетке салат, аягында жеңилип, өзү өлөт. Ошол кыздан улам К. аталган имиш. Географиялык реалияда Ала-Тоодогу Жумгал менен Кочкор райондорунун ортосундагы ашуу, тоо, суу. КЫЗКАРА — Алмамбеттин келишине арнап Манас ага тартуулаган күлүктөрдөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).
|