КЫДЫРБАЕВА |
К. 1986-жылдан «Манас» бөлүмүндө (мурда сектор) башкы илимий кызматкер. 1981-ж. Түркияда өткөн Түрк элдеринин 2-бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышып, «Манас» боюнча доклад жасаган. Республикалык, жалпы союздук мезгилдүү басма сөз беттеринде кыргыз жана орус тилдеринде фольклор изилдөө, адабият таануу маселелери боюнча 100гө жакын макалалары жарыяланган, алардан башка 19 изилдөө иштери (анын ичинде 9 монография) бар. К. жалпы республикада, андан тышкаркы жерлерде таанымал фольклор изилдөөчү, адабият таануучу катарында кеңири белгилүү. «Манас» жана башкалар кенже эпостордун ар түрдүү проблема, маселелерин талдаган, жалпылаган «Саринжи-Бөкөй» эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү», ««Жаңыл Мырза» эпосунун поэтикалык традициялары», ««Манас» эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата», «Манасчынын айтуучулук чеберчилиги», ««Манас» эпосунун генезиси», ««Манас» эпосунун варианттары» деген жана башкалар монография, изилдөөлөрдүн автору. Ж. Төлөев |
Получить все переводы слова - "КЫДЫРБАЕВА" по направлению Кыргызча-Кыргызча.
Найти все переводы слова "КЫДЫРБАЕВА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЫДЫРБАЕВА"?
Ввойти