КЫДЫКЕЕВА |
Б. Кыдыкеева — Каныкей. «Манастын уулу Семетей» драмасы, 1981. Чыгармачылык жолун 1936-ж. Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. 1941-ж. Пржевальск облусунда драма театрында, 1942—44-ж. Тянь-Шань музыкалык драма театрында, 1944-жылдын аягынан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенген. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасында Каныкейдин образын түзгөн. Акылмандыгы, адамкерчилиги, кыраакылыгы, сулуулугу жана баатырдыгы жагынан эл ичинде кылымдан кылымга тарбия-таалим үлгүсү болуп келген Каныкейдин образы К-нын аткаруусунда эпикалык масштабда чечилген. К. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. |
Получить все переводы слова - "КЫДЫКЕЕВА" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КЫДЫКЕЕВА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЫДЫКЕЕВА"?
Ввойти