Menu
Эл-Сөздүк

КУТТУБАЕВА

КУТТУБАЕВА Анвар Акматовна, Кудайбергенова (1915, Бишкек шаары — 1977, Фрунзе) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1939).
А. Куттубаева. Калыйман. «Айчүрөк» операсы. 1939.
А. Куттубаева. Калыйман. «Айчүрөк» операсы. 1939.
Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуп, актёрдук чыгармачылыгын андагы драма ийриминен баштаган. 1929-ж. кыргыз театр студиясына кирип, артисттик ишмердигин уланткан. Ал «Айчүрөк» операсынан Калыймандын партиясын аткарган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: