Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КУМАЙЫК
  • КУМАЙЫК
 

КУМАЙЫК

 
КУМАЙЫК — Манастын алгыр тайганы, кийин мурас катары Семетейге калат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Көк жору тууган көзү ачыла элек кызыл эт күчүктү Манас Медияндын чөлүндөгү Кум-Булактын боюндагы кумайдан кайыбынан таап алат. К-ты «сыңар күнөө кылбаган зайып багат», — деп угуп Букардын каны Темиркандын кызы Каныкейге куда түшүп: «Кумайык багып сен берсең, Азарым анык салармын. Кол жеткен жердин баарына Каныш кылып алармын, Артылып камчы чаппасмын, Айкалтып күнү албасмын. Бенделигим билгизбейм, Бек сөзү сага тийгизбейм», — дейт. Каныкей «Күндүзүндө тынч албай, Түн ичинде уйку албай, Оозу менен сүт берип, Колу менен эт берип, Кырк кез ордун түбүнө багат» (Саякбай Каралаев, 1. 146 —148). Багыш Сазановдун вариантында Алмамбет дүрбү салып туулган жеримден кабар алам деп Кум-Чокунун башына Сарала аты менен чыгып барып, Көк жору тууп таштаган К-ты таап алып, кан баласы Каныкейге алып келип берет. Ал «Туу байталдын казысын туурап салдырып, жети жыл жер алдында багат» (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 1258—59-б.). К-тын табылышы башка варианттарда да аталган манасчылардыкына жакын сүрөттөлөт. Бардык варианттарда К. баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир жан күйөр, сыйкырдуу жаныбары катары сүрөттөлөт. Манас өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле К. мөгдөп, аза күтөт, анын касташ туугандары Абыке, Көбөшкө кызмат кылыштан моюн толгойт. Семетей Букардан Таласка алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат, ал Кыяс колдуу жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп, эч кимди жолотпойт. Кийин Семетей, Бакай, Айчүрөк, Күлчоро кайып болуп, дүйнө кезип кеткенде, касиеттүү жаныбар катары кайып болот. Түрк элдеринде (кыргыз, казак, түркмөн, хакас жана башкалар) К. жөнүндөгү легенда кеңири тараган. Ал элдик оозеки чыгармаларда оң каармандардын жакын жардамчысынан. Бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбар. Бул жаныбар ушул эле ат менен Кавказдагы жана башка элдерде да учурайт. Демек, анын образы алгач бир негизден таралган. Иран элдеринин эң байыркы дин китеби «Ригведе» жерге касиеттүү өсүмдүк хоманын уругун алып келип таштаган Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Элдик түшүнүктө ал бийик тоонун башында жашаган жору мисалдаш куш (кыргыз уламыштарында К. жорунун жумурткасынан чыгып, аны жети күнгө чейин таап алса кыраан итке, андан кечиксе жоруга айланат). «Манаста» да кээде К. деген куш болгон делип айтылат (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв„ 1258-б.). Иран элдеринин түшүнүгүндө жана көркөм адабияттарында Хомайдын көлөкөсү түшкөн адам падыша болору айтылат. Кийинчерек Хомай ушул эле иран элдеринин мифиндеги өзүнө жакын турган образ Симург («Авесте» Сенмуров) куштун да ролун аткарат. Симург ит жана куштун кейпиндеги жакшылык кылуучу аргын жаныбар. Ал кийинчерек ит менен кушган турган жакшылык кылуучу образын Хомайга өткөрүү менен каардуу ажыдаардын элесине айланат. Аты жана образынын көп белгилери жакын болгондуктан түрк элдериндеги К-тын образы байыркы иран элдериндеги ушул Хомайдын Симург менен биригишкен образынан маданий таасир катары кабыл алынган деп айтууга негиз бар. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Хомайдын образы бир кыйла эволюциялашкан. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту Акшумкарга (к. Акшумкар), иттик атрибуту К-ка айланган. Экөө башта бир образ болгондуктан «Манаста» экөө дайыма катар коюлуп, ажыратылбай бир учурда эскерилет. К. жөнүндөгү аңыз сөздөр кыргыздын башка оозеки чыгармаларында да кеңири кезигет. Мисалы, «Көбөк кан» деген уламышта кырк уруу түрк журтунун башчысы Көбөк кан аңчылыкта жүрүп, күчүк таап алып, карындашы Карлыгачка бакканга берет. Карлыгач оозу менен сүт берип, колу менен эт берип, жыл маалы үйдөн чыгарбай багат, күчүккө К. деп ат коёт. К. чоңойгондо жер үстүндөгү аңдарга тынчтык бербегенде Ак бугу мелдешке чакырып көзгө сүзүп өлтүрөт (Кол жазмалар фондусу, 106-инв., 59-б.). Мифологиялык планда баяндалган бул уламыш «Скиф — Сибирь аңчылык стили» деп аталган археологиялык байыркы эстеликтерде эң кеңири тараган, укмуштуу жырткыч жаныбар менен шаа мүйүз бугунун күрөшү чагылдырылган сценаны толук эске түшүрөт. Буга караганда К-тын образы кыргыздардын байыркы мекени Сибирде биздин эрадан алда канча мурун пайда болгон.
Р. Сарыпбеков

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокумайык
Множ. числокумайыктар
Склонение по падежам - "кумайык"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кумайык
Родительный Чей?кумайыктын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кумайыкка
Винительный Кого?, Что?кумайыкты
Местный Где?, У кого?кумайыкта
Исходный Где?, У кого?кумайыктан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кумайыктар
Родительный Чьи?кумайыктардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кумайыктарга
Винительный Кого?, Что?кумайыктарды
Местный Где?, У кого?кумайыктарда
Исходный Откуда?, От кого?кумайыктардан

Получить все переводы слова - "КУМАЙЫК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КУМАЙЫК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КУМАЙЫК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru