КУЛЬМИНАЦИЯ (лат. culmen — чоку, бийиктйк) — көркөм чыгармадагы окуянын өсүп, өнүгүп жеткен жогорку чекити. Бул учурда сюжеттеги конфликт ачык көрүнөт, каармандардын максаттары, сапаттары айкындалат. Ар кандай көркөм чыгарманын, анын ичинде эл оозунда сакталып ушул күнгө жеткирилген эпикалык чыгарманын ар бирине сюжеттин өнүгүшүнө жараша окуя мотивдештирилип, өөрчүтүлүп олтурат да К-лык абалга жеткирилет. Андан ары окуянын чечилиши башталат. Эпикалык чыгармаларда адатта алгачкы согуштардан кийин окуянын чордону деп аталган эпостун финалдык жыйынтыгын чыгаруучу эпикалык чоң жүрүш башталат. Ал жүрүшкө чейин даярдык иретинде айтылган чакан эпизоддорду учуратабыз. Бул эпизоддор тарыхый доордун шартына жараша ситуациялык кагылыштардын натыйжасында ар кыл багытта өөрчүтүлөт да, өнүгүү процессинде болот. Жалпы дүйнөлүк эпикалык чыгармаларда кездешүүчү баш каармандардын жоого аттануу алдында өз үй-бүлөсү менен коштошуусу, анын жоо кийимдерин, курал-жарагын камдап берүү салты да кеңири баяндалат. «Манас» эпосундагы мына ушундай көп чакан эпизод» доорду жыйынтыктоочу К. «Чоң казат» болуп эсептелет. Бул эпизод ичине Манас жана анын башкы чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Төштүк жана башкалар баатырлардын көрсөткөн эрдиктерин, бир нече согуштук көрүнүштөрдү камтыйт. Жыйынтыктоочу эпизоддун негизги окуяларын түзгөн мотивдер эпостун мазмунуна жана сюжетинин курулушуна курч мүнөздөгү ситуацияларды киргизип, жогорку эпогейине, К-лык чекке жеткирилген. К-нын чечилиши Манастын өлүмү, чоролорунун курман болушу менен аяктайт.
К. Кырбашев
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как КУЛЬМИНАЦИЯ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
12Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 7 + 5? Ответ:
Отправить