Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КУЛУН
  • КУЛУН
  • кулун-
  • кулунда
  • кулунда-
  • кулундоо
  • кулундуу
  • КУЛУНСУР
  • кулунчак
 

КУЛУН

 
КУЛУН — топоним. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш капталындагы көл. Тар суусунун оң куймасы. К. суусунун башында жайгашкан. Элдик уламыш боюнча калмактар кыргыздарды чаап, туш-тарапка айдап жиберген байыркы мезгилде Жакып кан Алтайга сүрүлүп кетет. Кыргыздардын ичинен 10 түтүн бөлүнүп киши жетпес тоонун арасында калат. Бул он түтүн элди Акас деген мерген кийик атып, тузак салып, багып турат. Анын жалгыз Кулабээси 3 жылы катары менен кайыптан кулун тууйт. Алар кийин тулпар чыгып, бирин Манас (Аккуланы), экинчисин Жолой (Ачбууданды), үчүнчүсүн Көкөтөй (Мааникерди) сатып алат. Кулабээнин кулундарын сатып, оокаттанып калган Акас мергендин эли тоо арасындагы көлгө жакын көчүп келип конушат. Акас мергендин Кулабээси төртүнчү жылы жазга маал көгүш кулун тууйт. Айгыр карабаса деле Кулабээнин кулун тууганына таң калган Акас мерген жолдоштору менен ууга чыгат. Кулабээсин көлдүн боюна аркандап, жолдошторун жөнөтүп жиберип, өзү жээктен алыс, көмүскө жерде жашынып карап турса көл көпкөк болуп, анын бээ аркандалган чети чайкалып, көлдүн түсүнөн айыргыс көпкөк аргымак айгыр сүзүп чыгып бээге келет. Аны жыттагылап жатып, Акас мерген жакты карап калат. Адамдын жытын сезгенсип, башын жерге салып, бээни айланып, башын көтөрүп мерген жакты дагы бир карап, башын чулгуп алып, көк кулунду жалынан тиштеп, көлдү карай сүйрөп кирип кетет. Мерген көлдү караса, анын ичи дүңгүрөп, көп жылкы жүргөнсүйт. Кулабээ көлдү көздөй жүткүнүп, ордунда тыбырчылап кан сийип жиберет. Кулундун жайын мергенден уккан эл Кулабээнин мал болбосун сезип союп алышат. Көлдү кайып алган деп, ак сары башыл кой, ай туяктуу бээ союп, алла тааладан кечирим сурашып, көлгө «Кулун» деп ат беришет. Ошондон кийин Акас мерген ооруп өлөт. Эл К. көлүнүн жанындагы жайлоо мындан кийин Акас жайлоо болсун деп бүтүм чыгарышат, к. Акас мерген.
С. Карагулов

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокулун
Множ. числокулундар
Склонение по падежам - "кулун"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кулун
Родительный Чей?кулундун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кулунга
Винительный Кого?, Что?кулунду
Местный Где?, У кого?кулунда
Исходный Где?, У кого?кулундан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кулундар
Родительный Чьи?кулундардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кулундарга
Винительный Кого?, Что?кулундарды
Местный Где?, У кого?кулундарда
Исходный Откуда?, От кого?кулундардан

Получить все переводы слова - "КУЛУН" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КУЛУН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КУЛУН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru