Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КУЛАНСАРЫК
  • КУЛАНСАРЫК
 

КУЛАНСАРЫК

 
КУЛАНСАРЫК — Манастын бешинчи муун урпагы, Сейтектин эки небересинин бири. Кенен баатыр башында турган кыргыз эли бейкут жашап жаткан учурда аялы Гүлайым эгиз уул — Алымсарык, К-ты төрөп, «Сан кара тойго союлуп, Албан түрлүү жан келип, Уруудан калбай эл келип» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 146-инв., 401-б.) чоң той өткөрүлөт. Манастын учугун уланта турган тукумду эл зор кубаныч менен кабыл алышат. Эгиздердин келечекте эр жүрөк баатырлардан болорун алдын ала билдирген белги көрүнөт. Эбегей, Көгөй деген эки баатыр түш көрөт да кандайдыр бир коркунучтун жакындап келатканын кабарлап К-ка айтса, ал «Сунулган бут тартылбай, Жумулуп көз ачылбай, катуу уйкуга батып» кенебейт. Душман капыстан кол салып, Кененди өлтүрүп, кыргыздарды кыйратканда К. менен Алымсарык жаштыгына байланыштуу каршылык көрсөтө алышпайт. Желжетпес баатырдын акылы боюнча утурумдук эл-жерди таштап качып чыгууга аргасыз болушат. Алар Масин деген дарыядан Олуя атанын колдоосу менен өтүп, Эки-Аралды жердеп туруп калышат.
А. Жайнакова


Получить все переводы слова - "КУЛАНСАРЫК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КУЛАНСАРЫК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КУЛАНСАРЫК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru