|
КУЙРУЧУК
|
|
КУЙРУЧУК [(өз аты-жөнү — Кудайберген Өмүрзак уулу) 1866, Жумгал району, Кызыл-Туу айылы — 1940, ошол эле жер] — чечен, куудул, ырчы. К. кыргыз оозеки чыгармаларын, уламыш, санжыраларын жакшы билген, кепке уста, абдан чечен адам болгон. Атактуу Найманбай манасчы менен да айтышка түшкөн. «Манас» эпосунун айрым бөлүктөрүнөн да айткан. Андан 1938-ж. «Семетейден» «Чынкожо, Толтойдун Акун кандын шаарын курчашы», «Айчүрөктүн ак куу кебин кийип, Семетейди издеп чыгышы, Семетей кушунун артынан барып, Айчүрөктү табышы» жана башкалар эпизоддор (3000 сап) жазылып алынган.
|