Menü
Эл-Сөздүк

КОҢГУ

КОҢГУ — топоним. Манас он төрт жашында ит агытып, куш салып кеткенине он бир күн болгондо санаасы тынчыбай аны издеп чыккан Жакыпка жолуккан он бир кишинин жери катары:
Бирибизди сурасаң,
Тарлан аттуу жерибиз,
Талкоо кытай элибиз,
Ындыстандын бер жагы
Коңгу деген жерибиз (Сагымбай Орозбаков, 1. 219),— деп айтылат.



Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: