КОНДУЧАЛОВА |
1955—59-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда кенже илимий кызматкер. 1959—70-ж. Ош педагогика институтунун кафедра башчысы, 1970—73-ж. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогика институтунда доцент, 1973 — 88-ж. кафедра башчысы. К. кандидаттык диссертациясын «Радловдун кыргыз тили боюнча жыйнаган материалдары» (1959) деген темада коргогон. Ал «В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлуктөрү» (1961), «В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөру» (1964) деген эмгектеринде орус окумуштуусу жазып кеткен кыргыз оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрүнө, асыресе, «Манас» эпосунун тексттерине фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык талдоо жүргүзүп — фактыларды азыркы түндүк кыргыз говорлору менен адабий тилдин материалдарына салыштырып текшерген. А. Абилов |
Получить все переводы слова - "КОНДУЧАЛОВА" по направлению Kırgız-Kırgız.
Найти все переводы слова "КОНДУЧАЛОВА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КОНДУЧАЛОВА"?
Ввойти