Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КОМПОЗИЦИЯ
  • КОМПОЗИЦИЯ
 

КОМПОЗИЦИЯ

 
КОМПОЗИЦИЯ — көркөм чыгарманын түзүлүшү, анын бардык бөлүктөрүнүн, образдарынын өз ара байланышы, бир бүтүндүккө биригиши, чыгармадагы образдарды уюштуруунун белгилүү системасын ачып берүүнүн, турмуш процессин мүнөздөөнүн, алардын байланышын жана мамилесин көрсөтүүнүн каражаты. К-нын ордуна кээде «архитектоника», «структура», «көркөм түзүлүш», «конструкция» деген атоолор да колдонулат. К. бардык жанрдагы жана формадагы чыгармаларга мүнөздүү. «Манас» эпосунун К-сы — анын көркөм формасынын ар түрдүү компоненттеринин бир бүтүнгө биригип, бирине бири кыналып, бирин бири толуктап турушу. «Манас» эпосунда К-нын тутумун түзгөн баяндоо, диалог, монолог, лирикалык чегинүү, портрет, пейзаж, уйкаштык, интонация өңдүү негизги компоненттери манасчылардын чеберчилигине жараша бириктирилип, сюжеттин өсүп-өнүгүшүн шарттап, эпостун текстин көркөмдүк жактан жаратып, бүтүндүктү түзүп, чыгарманын идеясын ачып турат. «Манас» эпосунун К-лык курулушунун өз мыйзам ченемдери бар, ал эл турмушун эстетикалык таанып-билүүдөн келип чыгат. «Манастагы» К-нын негизги аспекти — текстте баяндалган окуялардын ырааттуу өнүгүп отурушу (к. «Манастын» сюжетин, «Семетейдин» сюжетин, «Сейтектин» сюжетин). К. эпостун үч бөлүмүндө негизинен окшош өнүгөт: баатыр туулганга чейинки эл-журттун абалы, баатырдын төрөлүшү, балалыгы, алгачкы эрдиктери, бой жетиши, үйлөнүшү, казаттары, өлүмү. Мындагы салттык окуяларсыз эпосту элестетүү мүмкүн эмес. Бул окуялардын бирөөнү эле алып салса, анда бүт К. бузулат.
Эпосто К-лык жактан калыптанып, эпостун ар бир бөлүгү, деталы тыкан иштелип чыккан. Эпостогу ар бир окуя өзүнчө К-га ээ бүткөн чыгарма катары берилгени менен (мисалы, Чоң казат, Көкөтөйдүн ашы жана башкалар) чыгарманын бардык окуялары биригип келип, эпостун жалпы К-сын түзүп турат.
«Манастын» К-сы көбүнчө эркин уюштурулат, манасчылар чыгарманы К-лык жактан курууда кысылбайт. Кээде фольклордук жанрлардын салттарына ылайык К-лык канондор (эпикалык клишелер, каармандардын кайып болушу, айрым окуялардын бир нече жолку кайталанышы, ар кыл окуяларды сүрөттөөдө пайдаланылуучу туруктуу саптар) колдонулат. Эпостун К-сы сюжеттик жактан гана эмес, бир каарман менен экинчисин (Манас менен Коңурбай, Алмамбет менен Чубак, Айчүрөк менен Чачыкей жана башкалар) салыштыруу ыкмасы да чыгарманын түзүлүшү үчүн кызмат кылат. Манасчылардын чыгарманы аткаруу кезиндеги интонациясы, синтаксиси, обону, индивидуалдуу тили, аткаруу манерасы да К-га жатат.
А. Муратов. Б. Кыдырбаева

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокомпозиция
Множ. числокомпозициялар
Склонение по падежам - "композиция"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?композиция
Родительный Чей?композициянын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?композицияга
Винительный Кого?, Что?композицияны
Местный Где?, У кого?композицияда
Исходный Где?, У кого?композициядан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?композициялар
Родительный Чьи?композициялардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?композицияларга
Винительный Кого?, Что?композицияларды
Местный Где?, У кого?композицияларда
Исходный Откуда?, От кого?композициялардан

Получить все переводы слова - "КОМПОЗИЦИЯ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КОМПОЗИЦИЯ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КОМПОЗИЦИЯ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru