Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КИТЕН АЛП
  • КИТЕН АЛП
 

КИТЕН АЛП

 
КИТЕН АЛП — мифтик каарман. Эпосто дөө, перилердин өкүлү катары жоо тарабында сүрөттөлөт. К. а. — эпостун байыркы катмарларына кирген ысым. Бул эпоним орто кылымда жашап кыргыздар менен түрдүү мамилелерде болушкан кара кытайларга байланыштуу. Алар тарыхта «кидандар» деген ат менен белгилүү болуп, 10 — 12-кылымдардын аралыгында күчтүү мамлекети болгондугу маалым. Ушундан улам К. а. эпонимин «кидан» этноними менен өзөктөш деп айтууга болот. Б. а. «Манас» эпосунун өнүгүү шартына, басып өткөн жолуна ылайык «кидан» этноними эпоско киргенден кийин К. а. эпонимине айланып калган. Мындай көрүнүш анчалык таң калыштуу эмес жана дайыма боло берүүчү нерсе. Тарыхтан белгилүү: кара кытайлар (кидандар) өздөрүнүн мамлекетин «ляо» (темир) деп аташкан. Демек, эпосто «Киндиги темир Китен алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107; Саякбай Каралаев, 1. 80) деп ушул себептен улам айтылышы мүмкүн. К. а. эпоними Алтай, Сибирь жактагы түрк элдеринин фольклорунда жана эвенкилердин уламыштарында да көп учурайт.


Получить все переводы слова - "КИТЕН АЛП" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КИТЕН АЛП" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КИТЕН АЛП"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru