КИНО ЖАНА МАНАС |
Манасчы Молдобасан Мусулманкул уулу «Манас» айтууда. «Манас» эпосу дарек фильми. Таланттуу манасчы Саякбай Карала уулуна арналган «Манасчы» аттуу даректүү фильмди (режиссёр Б. Шамшиев) тарткан (операторлору Б. Борбиев, Р. Петров). Ушул эле теманы режиссёр М. Убукеев үч бөлүктөн турган «Саякбай Каралаев» (1962) аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-ж. жарык көргөн «Улуу манасчы» (кенже режиссёру С. Токтоналиев, режиссёрдун жардамчысы У. Жукеев, кинооператорлору М. Туратбеков, Б. Алыбаев, сүрөтчүлөрү Ж. Касымалиев, А. Төрөбеков, композитору Б. Макеев) аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан. Кыргыз кино ишмерлери көркөм фильмдерди жаратууда да «Манас» эпосуна кайрылып, аны чыгармачылык менен пайдаланып келе жатышат. Кинорежиссёр Т. Океев «Кызыл алма» (1975, сценарийи Ч. Айтматов, Э. Лындина, Т. Океевдики, оператору К. Орозалиев, сүрөтчүсү Д. Жумабаев, композитору Ш. Калош), «Ак илбирстин тукуму» (1984, сценарийи М. Байжиев менен Т. Океевдики, оператору Н. Борбиев, композитору М. Бегалиев, сүрөтчүсү А. Макаров) көркөм тасмаларында «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү фильмге киргизип, кошумча драматургиялык материал катары пайдаланат. Өзгөчө эки бөлүктөн турган «Ак илбирстин тукуму» аттуу эпикалык фильминде Сайкал апанын (артист А. Жангорозова) «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарышы зор тааснр калтырат. Б. Шамшиевдин «Бөрү зынданы» (сценарийи Б. Шамшиев, Е. Абишевдики, кинооператору М. Мусаев, сүрөтчүлөрү Д. Касымалиев, Э. Салиев) аттуу эки бөлүктөн турган тасмасында «Манас» эпосунан пайдаланылган чакан эпизодду да эскере кетсек болот. Кинорежиссёр В. Карагулов өзүнүн алгачкы көркөм тасмасы «Айдагы жез кемпир» (1985, сценарийи А. Жакыпбековдуку, оператору М. Мусаев, сүрөтчүсү А. Макаров, композитору В. Киселев) аттуу фильминде да «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү орундуу пайдаланган. Натыйжада фильмдин идеялык мазмуну байыган. 1980-ж. тартылган «Жаш манасчылар» (оператору С. Макекадыров, сценарийи Б. Сарыгуловдуку) даректүү фильминде режиссёр Р. Байтемиров эпосту пропагандалоо, улам кийинки урпактардан манасчылык өнөрдү улантуу маселелерине кайрылган. К. Ашымов |
Получить все переводы слова - "КИНО ЖАНА МАНАС" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КИНО ЖАНА МАНАС" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КИНО ЖАНА МАНАС"?
Ввойти