Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ
  • КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ
 

КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ

 
КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ Нинель Викторов на (1926, Орёл шаары) — түрк тилдүү элдердин фольклорун изилдөөчү. Ломоносов атындагы МГУнун филология факультетинин чыгыш бөлүмүн бүткөн (1950). 1954 — 58-ж. Крупская атындагы Бүткүл Союздук эл чыгармачылыгынын үйүндө Орто Азия жана Казакстан түрк тилдүү элдеринин фольклору, адабият тармагында эмгектенген. СССР Илимдер акдемиясынын Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын бүтүрүп, филология илимдеринин кандидаты (1961) илимий даражасын алган. 1963-жылдан СССР Илимдер акдемиясынын ИМЛИде фольклор бөлүмүндө жетектөөчү илимий кызматкер. К.-П. фольклордун историзми, поэтика, текстология, эпостун илимий котормосу проблемаларына арналган 30га жакын илимий эмгектердин автору. Негизги эмгектери — ИМЛИнин фольклор бөлүмүнүн коллективдүү иштеринде жана 1971-жылдан СССР Илимдер акдемиясынын «Наука» басмасынан «СССР элдеринин эпостору» академиялык сериясы менен чыгып жаткан бир катар томдорунда жарык көргөн. К.-П-нын түздөн-түз катышуусу менен (илимий которуу, тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык, фольклористикалык мүнөздөгү кеңири пландагы комментарийлерди жазуу менен) кыргыз элинин баатырдык «Манас» эпосунун төрт томдук басылышынын төрт томун басып чыгарууга катышкан. Бул К.-П-нын Кыргыз Республикасынын Илимдер акдемиясынын ТАИнин «Манас» сектору менен Сагымбай Орозбак уулунун оозунан жазылып алынган тексттерди басууга даярдоодогу көп жылдык бирдиктүү иш-аракеттеринин жемиши болуп саналат.
А. Абилов


Получить все переводы слова - "КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru