-
КЕРНЕЙ
-
КЕРНЕЙ — музыкалык үйлөмө аспап. Орто Азия жана Иранда аскердин кабар берүүчү музыкалык аспабы катары колдонулган. Эпосто К. көбүнчө сурнай менен бирдикте аткарылып, жоокерлерди, элди чогултуу үчүн тартылган: «Керней, сурнай тарттырып жарчыга кабар айттырып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 60). Ошондой эле К. ар түрдүү окуяларда, башкы каармандардын жеңиштеринде, салтанаттарында жана башкалар учурларда тартылган. Мисалы, Манас баатыр Акунбешимди жеңгенде:
Ордого керней коюлуп,
Дүйнө жүзү союлуп.
Желек туудан бөлүнбөй
Жердин жүзү көрүнбөй (Сагымбай Орозбаков, 2. 180),— деп баяндалат.
К. башка музыкалык аспапсыз жеке да тартылган. Аскерлерди чогултуучу-кабардоочу аспап катарында пайдаланылган.
Манас баатырдын туш-тушка кеткен аскерин жыюуда: «Баңдулунун түбүндө Жети жүз керней бапылдап Аскерин жыйып азырлап» (Сагымбай Орозбаков, 2. 127) — делип сүрөттөлөт. Манас Алооке канды багындырганда:
Бакка пааша киргенде,
Баркыраган кернейден
Алты жүзү тартылып,
Кернейдин үнү бапылдап
Сурнайдын үнү такылдап (Сагымбай Орозбаков, 2. 184), жеңишти даңазалайт.
Найдены по другим направлениям
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | керней |
Көптүк сан | кернейлер |
Жөндөлүшү - "керней"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | керней |
Илик Кимдин? Эмненин? | кернейдин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | кернейге |
Табыш Кимди? Эмнени? | кернейди |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | кернейде |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | кернейден |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | кернейлер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | кернейлердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | кернейлерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | кернейлерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | кернейлерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | кернейлерден |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КЕРНЕЙ