КЕРМЕ-ӨТӨК — топоним. Манастын бала чагында алтайлык калмактар менен болгон согушунда эскерилет:
Керме-Өтөктү кан кылып,
Өлтүргөнүн сан кылып.
Керменин Кара-Белине
Кирип кетип баратыр,
Сазайларын калмактын
Берип кетип баратыр (Сагымбай Орозбаков, 1. 165).