КЕНЖУТ |
Жетигендин тарабы, Жерди Кенжут карады, Күн чыгышы Ималай. Шолорду да жердеген Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203). Географиялык реалияда түндүк Индиядагы жер — Канжут. Айрым изилдөөчүлөр (М. Ауэзов, Ө. Караев) К-ту байыркы Эне-Сай кыргыздарынын Улук-Кемдеги (Тува АССРи) шаары (Кем-Кемжут) менен окшоштурушат. Жердин аттары гана окшош болбосо, Кем-Кемжут 10-кылымда эле жок болуп кеткен, ал эми Канжут (Кенжут) кийинки кезге чейин эле аталып Сары-Кол тараптагы элдерге (кыргыз, тажик) кеңири белгилүү болгон экөө эки башка региондогу топоним. Ч. Валиханов: «Канджут — Хунза менен Нагар княжествосунун эски жалпы аты», — деп жазат. Э. Абдылдаев. Б. Мурзабекова |
Получить все переводы слова - "КЕНЖУТ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КЕНЖУТ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЕНЖУТ"?
Ввойти