КЕН БАЙЛЫКТАР |
Жердеген адам бай болор, Түгөнбөс ырыс — кен экен. Боз мончокчон дөбөгө Түшүп Манас жер чукуйт, Эки эли жерин оодарса, Кебелбес алтын бар экен. Жаныбарым Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, — Жердеген киши тунбайбы!...(Курама варианты, 1. 74), «Баатырың жер өлчөгөн чак экен, Бир жерди карыга чейин чукуса, Түбүндө алтын бар экен» (Курама варианты, 1. 110) деген ыр саптардан байкоого болот. Алтын кендеринен башка темир, калай, жез, сурьма жана асыл таштар алынуучу кендер жөнүндө учкай айтылып кетет. Алтын менен асыл таштардан жоокерчиликте колдонулуучу куралдар кооздолгон. Мисалы, Манастын дүрбүсү кандай заттардан жасалганы: Алтындан кылган сабы бар, Бой тумар чалыш кабы бар, Ичин алтын ашаган, Айнегин көөхар жасаган, Жакут таштан жардырган, Артык уста Бөлөкбай. Айнегине салдырган Тиктегенде адамды, Көрсө мээрин кандырган, Жоону көздөй салдырган, Жоодон кабар алдырган, Жолборсуңдун чоң дүрбү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 94), — деп сүрөттөлөт. Турмуш-тиричиликте жез, колонун кеңири пайдаланылгандыгын жез казандан тартып башка динди туткан элдердин колодон кылган Бурканына чейин айгинелеп турат. Тамакка татытыш үчүн Каркырадагы кенден чыккан тузду пайдаланышат. Эпосто айтылган кен байлыктардын аттары, кен чыккан жерлерди манасчылар өзүлөрүнүн акындык кудуретине, жашаган дооруна жараша көркөмдөп сүрөттөөгө аракеттенишкен. К. Осмонбетов |
Получить все переводы слова - "КЕН БАЙЛЫКТАР" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КЕН БАЙЛЫКТАР" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЕН БАЙЛЫКТАР"?
Ввойти