|
КАЙЫРДИН
|
|
КАЙЫРДИН, кайрыдин (арабча гайру-д-дин; «гайр» — башка чоочун, жат же тангыч — «сыз» мүчөсү катары) — 1) исламга жат, башка дин. Мусулмандар бир гана динди туура, акыйкаттуу эсептегендиктен, мунун өзү «динсиз», «кудайсыз» деп да түшүндүрүлөт. «Манаста» чылгый динсиз «Чынмачын» деп айтылат («Манас», 1. М., 1984, 150-б.). Ал эми «Кашына келди калдайдын Кайрыдиндин баарысы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 233) — деген саптарында К. каапыр маанисинде кытайларга карата колдонулган. 2) ыймансыз, адамкерчиликсиз, каапыр (киши). Фольклордо кыргыздар К. сөзүн диний мааниде эле эмес адебинен ксаган адам маанисинде да көп пайдаланган.
|