КАБА |
Эртеси эртең менен ойгонуп эч кимге айтпай коргондун артына барып түндө көргөн түшүн элестетип Манасты кандай айтам деп ойлонот, ары-бери басса эле Манас айткысы келет. Анын манасчы катары калыптанышына белгилүү манасчы Саякбайдын таасири тийген. К-нын айтуусундагы «Манастын» үзүндүлөрү чоң-чоң окуялардын чиелениши жана көркөм образдарынын чечилиши жагынан Саякбайдын вариантына үндөшүп турат. «Манас» айтуудагы обондун созулушу же буркан-шаркан түшүп, отурган жеринен козголуп, колду жаңсап айтуусу да Саякбайдын манерасындай. Белгилүү манасчы Мамбет Чокмор уулуна жолугуп таасир алган. Андан 1962-ж. «Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизодунан «Жылкы тийүү» окуясы жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 247-инв.). Жалпы сюжети көл мектебинин чоң манасчыларыныкына өтө жакын. Ж. Сагынов |
Получить все переводы слова - "КАБА" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КАБА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАБА"?
Ввойти