Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНД
  • К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНД
 

К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНД

 
К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНДИВИДУАЛЬНОГО В ЭПОСЕ «МАНАС»» —
Р. 3. Кыдырбаеванын орус тилинде жазылган монографиясы (Фр., 1967). Эмгек «Манас» эпосундагы салттык көрүнүштөрдүн жана жеке чыгармачылыктын карым-катнаш мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөөгө арналган. Бул максатта эпостун сюжетиндеги, ошондой эле поэтикасындагы салттуулук проблемасы каралат. Изилдөөгө манасчылар Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Тоголок Молдонун варианттары, В. Радлов жазып алган вариант менен 16-кылымдын башында тажик тилинде жазылган Манас баатырга тиешелүү фактылык материалдар алынган. Сагымбай Орозбаков вариантын талдоо аркылуу манасчынын жеке кошумчалары эпостун сюжетине биротоло сиңип кетишине жол бербеген салттуулуктун ролу ачылат. Салттык сюжетинин көөнө катмарынан тартып эң кийинки кошумчаларына чейин каралат. Окумуштуу буга жортуулдарды, кырк чорону, Манастын Жолой менен болгон согушун, Манастын төрөлүшү жөнүндөгү темаларды киргизет. Эпостун поэтикасын иликтөөдө метафора, антитеза, строфикалык параллелизм, туруктуу эпитет, салыштыруу, апыртуу, эпикалык кайталоолорго айрыкча көңүл бурат. Окумуштуу жеке чыгармачылык менен оозеки чыгармачылыктын салты бири-бирин жокко чыгарбастан тескерисинче, диалектикалык тыгыз карым-катышта боло тургандыгын белгилейт.
С. Алиев


Получить все переводы слова - "К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНД" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНД" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНД"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru