Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: тизмек уялчаак âşık тайтаңда- Индейка горная каспийская жалынычтуу археолог амфитеатр психолог маргинальные земли pafta актуальный
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ИЧТЕН ТУЮНТУУ
  • ИЧТЕН ТУЮНТУУ
 

ИЧТЕН ТУЮНТУУ

 
ИЧТЕН ТУЮНТУУ «Манас» айтуу өнөрүндө. «Манас» айтууда манасчы актёрдук өнөрдүн И. т. (переживание) принцибин пайдаланат. Бир да образ көрсөтүп туюнтуу (представление) аркылуу жаралбайт. «Манас» айтып жаткан аткаруучу сөзсүз түрдө кейипкерлеринин «терисине кирип» кетет да, образды анын ички ал-абалын көрсөтүү аркылуу жаратат. Ошон үчүн манасчынын эмоциялык абалы өзгөчө концентрацияланган деңгээлде турат. Манасчы каарманы кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо муңга чөгөт. Маселен, Каныкейдин Тайторуну чапканын айтканда Саякбай Карала уулунун көзүнөн бурчактаган жаш кетип, өңү буркураган муңдуу абалга келет Же болбосо Манас жоосун жеңип кубанып турганда манасчы жадырап-жайнап, үнү шаңдуу чыгып, жигерденип калат. Айтуучу жеке эле кейипкеринин ички ал-абалын көргөзүп гана тим бөлбөйт, ал өзү да чын дилинен кошо кубанат, кошо кайгырат (сопереживание). Бул принцип да актёрдук өнөрдүн бир белгиси болуп эсептелет.


Получить все переводы слова - "ИЧТЕН ТУЮНТУУ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ИЧТЕН ТУЮНТУУ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ИЧТЕН ТУЮНТУУ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru