Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

ИРОНИЯ

ИРОНИЯ (грекче eironeia анткорлонуу, астыртан, жанытып жылмалап какшыктоо) — анткордук менен макулдук же кубаттоо формасында билдирилген жокко чыгаруу же мыскыл. И. турмуштук көрүнүштү же предметти атайын апыртып мактоо менен адам кемчиликтерин күлкүлүү какшыктап, жылмалап, сын — шылдыңын жөнөтөт. Бул ыкма тээ эзелтеден элдик оозеки адабиятынан бери келаткан көркөм табылга. Мисалы, Чоң казатка кыргыз колу аттанганда Манастын Тазбаймат он башы болгон топко аты катталат. Аны Тазбаймат да, Манас да билбейт, Кытай чегине жеткенде аскер башчы кан Алмамбет элди түгөлдөгөндө Тазбайматтын тобунан бир киши жетпей, ал бул күнөөсү үчүн өлүм жазасын тартмак болот. Серектин өтүнүчү менен тизме текшерилгенде бул жаңылыштык такталат. Ошондо Манас он башы болуп аз жерден өлүм жазасына тартылбай калган оопай Тазбайматты эл: «Манаска болгон он башы, байкаңар кандай неме экен» — деп келекелеп күлүшөт.




Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: