Menü
Эл-Сөздүк

ЗООНИМДЕР

ЗООНИМДЕР(zoon — жаныбар, onum — ысым, ат) — жаныбарларга, айбанаттарга коюлган энчилүү аттар. Үй айбандарына энчилеп ат коюу жер-сууну атагандай эле турмуштук зарылчылыктан, практикалык муктаждыктардан улам келип чыккан. «Манас» эпосунда 3-дин өтө көп учурашы да кыргыз элинин көп кылымдык тарыхына байланыштуу. Эпосто жылкы баласынын өңү-түсүн билдирген сөздөрдүн жалпы саны жүзгө жакын, жылкы чарбасына байланыштуу айтылчу сөздөрдүн саны миңден ашуун экенин «Манас» эпосу боюнча бүткүл союздук симпозиумга (1988) катышкан Г. Кушбакова белгилеген.
Согуштагы ийгилик баатырдын курал-жарагына, минген атына байланыштуу болгон жоокерчилик заманда «ат адамдын канаты» делип өтө жогору бааланган. «Манаста» башкы баатырдын туулгандан тартыл, өлгөнгө чейинки өмүрү ат менен тыгыз байланышкан. Эпосто аттын өтө көп жана ар түрдүүчө сүрөттөлүп берилиши кыргыз эли мал чарбачылык менен кесип кылышынын негизинде келип чыккан. Анын себеби аттын эл турмушунда зор чарбачылык мааниге ээ болгондугу менен түшүндүрүлөт. Жоокерчилик заманда ат баатырлардын согушта минген жакын жолдошу болгон. Ошондуктан ат көчмөн элдердин эпосунда, айрыкча «Манаста» өтө маанилүү орунду ээлейт да, баатырдын белсемдүү жарадмчысы, кээде аны өлүмдөн кутказган досу катары идеалаштырылып, апыртылып сүрөттөлгөн. Эпикалык салтка ылайык эпостогу ар бир оң жана терс каармандын өзүнө таандык унаасы, ал унаанын өзүнө ылайык энчилүү ысымы бар. Мисалы, Манастын аты — Аккула, Алмамбеттики — Сарала, Коңурбайдыкы — Алгара, Ороңгунуку — Кулабээ, Мадыкандыкы — Көкбука, Малгундуку — Боз качыр жана башкалар Баатыр, анын минген аты, ал атка берилген ысым бири-бирине байланыштуу деп эсептелинип, күлүккө ат энчилөөгө өзгөчө маани берилген. Тулпарларга ат коюуда өңү-түсүнө, сымбат-турпатына, мүнөзүнө, жашына жана башкалар өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурулуп, метафоралык ык, өң-түскө байланыштуу символика, сөздү өтмө мааниде колдонуу кеңири пайдалынылган. Ошондой эле тотемдик түшүнүк — жаныбарларды ыйык тутуу, аларга табынуу салты да белгилүү роль ойногон (Камбароз жана башкалар), өңү-түсүнө карай: Торучаар, Аккула, Сарала, Алгара, Көгала, Куучабдар жана башкалар; өңү-түсүнө+жашына: Кулатай, Тайбуурул (кийин Нарбуудан болуп да айтылат) жана башкалар; өңү-түсүнө+жынысына: Кулабээ, Торайгыр жана башкалар; турпатына + өңү-түсүнө: Тоотору, Тоокара, Чоңкүрөң жана башкалар; өңү-түсүнө+тукумуна: Бозжорго, Каракашка аргымак жана башкалар; өңү-түсүнө+эмнеге окшоштугуна: Керкабылан, Көкчебич, Наркызыл, Суркоён, Уларбоз жана башкалар; күлүктүгүнө: Желтаман жана башкалар Эпосто ошондой эле жылкы баласынан башка айбанаттардын аттары да учурайт. Айрым эпикалык душмандардын унаалары эмне унаа экенине карай аталган: Көкбука, Бозкачыр, Бозкерик жана башка Кызыгууну туудура турган Мааникер өңдүү 3. да учурайт.
Эпосто иттин (Кумайык, Актайган), куштун (Акшумкар), төөнүн (Желмаян, Агинген, Кууинген) энчилүү аттары да бар. Эпостогу з. негизинен кыргыз элинин, ошондой эле түрк-моңгол элдеринин элдик оозеки чыгармаларында жолуккан энчилүү атоолорго окшош же жакын турат. Мындан 3-дин келип чыгышы, таралышы элдик оозеки чыгармалардын талаптарына, максаттарына, принциптерине байланыштуу узак убакыттар бою өнүгүп келе жатканын байкоого болот.
Ш. Жапаров


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: