Меню
Эл-Сөздүк

ЗООМОРФТУК ОБРАЗ

ЗООМОРФТУК ОБРАЗ (гр. zoon — жаныбар morphe — форма, образ, көрүнүш) — кудайларды, пирлерди айбанат кебетесинде элестетүү. Зооморфизм антроморфизмден мурда пайда болгон; айрым учурларда гана тең өнүккөн. Адамдардын жаратылыш кубулуштары жөнүндөгү түшүнүктөрү алгач негизинен зооморфтук формада болуп, антроморфтук элеске кийинчерээк өткөн жана 3. о-дар да антроморфтук образдардан мурун түзүлгөн (к. Антропоморфтук образ). Алгач зооморфтук формадагы образдардын баары эле антропоморфтук формага өтө бербейт. «Манас» эпосунда да 3. о-дарды учуратууга болот. Башкы каарман Манастын алп кара куш, ажыдаар, бөрү, жолборс жана башкалар жаныбарлар колдоп жүргөндө ага эч кимдин алы жетпейт, ок өтпөйт, найза тешпейт:
Кара чаар кабылан
Капталында чамынып,
Чолок көк жал арстан
Жан жагында камынып.
Бет алдында сур жолборс,
Пендеде мындай жан болбос (Саякбай Каралаев, 1. 148).
Ажыдаар — жыланы
Артынан сойлоп калгандай,
Көсөө куйрук көк бөрү —
Көкжал эрдин жөкөрү
Көтүнөн ээрчип алгандай,
Асман жаккы айбаты
Алп кара куш арбайып
Асмандан бутун салгандай (Сагымбай Орозбаков, 2. 186).

X. Короглы


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: