|
ЖУМГАЛ
|
|
ЖУМГАЛ (моңг. зүүн, калмакча зүн. Бирок бул сөз эки маани берет. Биринчиси — күн чыгыш, экинчиси — сол) — топоним. Кыргыздар эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет. Кытай-калмактар башта басып алган ата-журтун бошотуу үчүн Манас баш болуп Алтайдан аттанып чыккан кыргыздардын Үрбү, Мунаркан жетектеген колу бул өрөөндөгү калмактын Кубан калдайын багындырышкан (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.). Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча анын баштагы аты — Буйда-Суу. Кыргыздар калмактарды багындыргандан кийин бул жер Ж. деген атка көчкөн. Бирок калмактар койгон ысым кала берген. Географиялык реалияда Нарын чөлкөмүнүн оң капшытындагы өзөн, өрчөн жана тоо кыркасы.
|