Меню
Эл-Сөздүк

ЖУМАДЫЛОВ

ЖУМАДЫЛОВ Советбек (1932, Түп району, Тепке айылы) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1977). Улуу эпоско байланыштуу түзгөн образдарынын алгачкысы — «Сейтек» драмасы боюнча коюлган спектаклдеги Семетейдин образы.
С. Жумадылов — Семетей («Сейтек» драмасы, 1989).
С. Жумадылов — Семетей («Сейтек» драмасы, 1989).
Ж-дун аткаруусундагы Семетей чыныгы эр жүрөк баатыр гана эмес, ал — эң биринчи кезекте адамдарга Ишенген, жалпы элге таянган адилет каарман. Анын түзгөн бул образы спектаклдеги башка каармандар менен эриш-аркак жуурулушуп, аларды кандайдыр бир деңгээлде толуктап турат. Актёр мында кыргыз элинин залкар эпосундагы кайталангыс каармандын бүткүл жан дүйнөсүн көрүүчүлөргө таасын ачып бере алган. Ждун кийинки ролу — «Айкөл Манас» драмасындагы негизги каармандардын бири Бакайдын образын да актёр өзүнө таандык аткаруучулук чеберчилиги менен ачып берүүгө жетишкен. Ж. медалдар менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: