Menü
Эл-Сөздүк

ЖОРГО СӨЗ

ЖОРГО СӨЗ — аллитерация жана ыргактуулук сакталган, бирок ыр өлчөмү жок, кара сөз менен ырдын ортосундагы жанр. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Ж. с. кеңири өнүккөн. «Манас» эпосунда айрым бөлүктөр же чоң окуялар Ж. с. менен башталып, акырындап эпостун обонуна жана ыргагына ылайык 7—8 муундан турган ырга өтөт. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунун башталышы:
Көкөтөй ооруп,
Ажал тооруп...
Өлөөрүндө,
Өтүрүк дүйнөдөн
Чын дүйнөгө жөнөөрүндө
Бай деген тууганы бар.
Башынан биргелешип турганы бар,
Баймырза байдын баласы,
Чакыртып кашына алды,
Керээз кылып кебин салды (Сагымбай Орозбаков, 3.8).



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: