Меню
Эл-Сөздүк

ЖООЛУК ТАШТАМАЙ

ЖООЛУК ТАШТАМАЙ — кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Көк майсаңда кечкисин же айлуу түндө ойнолот. Эпосто Семетей Акункандын шаарына күйөөлөп барганда Айчүрөктүн тоюнда Ж. т. ойнолгондугу айтылат:
Сексен келин, сексен кыз
Сексен жигит, сексен уул
Серпилип оюн салышып,
Оромолдон жоолугун
Токмок кылып бурушуп,
Ургаачы, эркек аралаш,
Бири-бирин урушуп,
Кайран жеңең Айчүрөк
Ушундай салды тамаша (Саякбай Каралаев, «Семётей», 2. 69).



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: