|
ЖОМОК
|
|
ЖОМОК — жанрлык маанини туюндуруучу термин. Кыргыз фольклорунда «Ж.» термини жөө жомок жанрын туюнткан мааниден кеңири мааниде колдонулган, башкача айтканда Ж. деп ыр түрүндөгү эпикалык дастандар гана аталган. В. М. Жирмунский архаикалык типтеги баатырдык эпосторду «баатырдык жомок» деп атаган. Ал казак, каракалпак, өзбек элдеринде айтылып келген «Алпамыш» эпосун алтайлыктардын «Алып-Манаш» деген баатырдык жомогу менен тектеш экендигин далилдеп, эволюциялык жол менен өнүгүп отуруп эпопеяга жеткен деген негиздүү корутундуга келген. Кыргыздар да «Манасты» Ж-тордун катарына кошушат. Мааниси жана негизги белгилери боюнча Ж. оозеки көркөм чыгармачылык жөнүндөгү дүйнөлүк илимде кабыл алынган эпос түшүнүгүнө туура келген, к. Эпос.
|