Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

ЖОЛОЙ

ЖОЛОЙ — негизги терс каармандардын бири, калмак каны жана балбаны, жоо саяр баатыры. Эпостогу согуш эпизоддорунун көбүнө катышкан туруктуу каардуу душман. Академик Б. М. Юнусалиев «Манас» эпосунда чагылдырылган эпикалык Ж. кидандардын Елюй Даши деген аскер башчысынын ысымына байланыштуу пайда болгон деген көз карашты айтат. Окумуштуунун бул пикири белгилүү даражада чындыкка жакындайт. Тарыхый маалыматтар боюнча 10-кылымдан тартып кидандардын (кара кытай) елюй (йолуй) уруусу Борбор Азияга өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзөт. Кидандардын мамлекети Ляо империясы деп аталган. Ляо империясы 12-кылымдын башында экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Моңголия, Манжурия, Түндүк Кытайдын чөлкөмүндө Цзинь империясын, экинчи бөлүгү кол башчы Елюй Дашинин жетекчилиги менен Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекет түзөт. Кидандар азыркы Кыргызстандын аймагына 1129—30-ж. келет. Демек, Елюй уруусу (10-кылымдан тартып) бийликке келгенден кийин, башкаруу чөйрөсүндөгү адамдар салттык түрдө ушул уруунун атын кошо ала жүрүшкөн. Мисалы, Елюй Амбагань, Елюй Лубугу, Елюй Даши, Елюй Тэла, Елюй ЧуЦай, Елюй Юй-ду, Елюй Шу-Чен жана башкалар «Манас» эпосундагы эпикалык Ж-дун мына ушул кидандардын башкаруучу уруусунун («Елюй») атына байланыштуу пайда болгон деген тыя накка келүүгө болот. Анткени, эпостук чыгар малардын тарыхый өнүгүшүнүн мыйзам ченемине ылайык эпикалык ысымдар (эпоним) көп учурда конкреттүү уруулардын, элдердин, ар түрдүү титулдарын, аттарын персонификациялаштыруу аркылуу кабыл алынат. Мисалы, Ногой-кан (Ногой ордосу), Бууракан (Караханийлердин титулдук наамы), Коңтаажы (калмактардын титулдук наамы) жана башкалар Демек, «Манас» эпосу Ж-дун ысымы аркылуу кидандардын башкаруучу уруусун персонификациялаштыруу менен аларды башкы душман экендигин жалпылаштырып туюндуруп жатат. «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») боюнча да Манас баатырдын эң башкы душманы Ж. согуштук окуяларда кеңири чагылдырылгандыгы белгилүү. Чыгармада Ж. калмак элинин каны, кол башчы баатыры катары мүнөздөлүп, Манас баатырга каршы күрөш жүргүзгөндүгү баяндалат. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөй кандын ашы» эпизодунда капыр менен мусулмандын ичинен Ж. жаңжал чыгарып Манас менен согушат. В. В. Радлов жазып алган «Манастын» вариантындагы Ждун образына баскынчылык, ала көөдөндүк, көңдөйлүк сыяктуу терс сапаттар мүнөздүү.

Т. Герцен. Жолой</b>.
Т. Герцен. Жолой.
Колдо бар материалдар боюнча Ж.— жоокер, баатыр, ошону менен бирге эл бийлеген кан. «Манас» варианттарындагы Ж. катышкан бардык окуяларда ал «кан» деп аталат:
Кара калмак каны экен,
Сайыш менен чабышка
Башынан кадик жан экен,
Өзү жалпак, өңү саз,
Күрөш менен согушка
Эчак болгон эпчил маш (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536инв., 332-б.).

«Манаста» чагылдырылган Ж-дун образынан душмандын жоокер баатырынын элесин гана көрөбүз.
Б. Жумабаев. Жолой.
Б. Жумабаев. Жолой.
Саякбай Карала уулу Ж-дун портретин сүрөттөөдө баатырдык жана балбандык белгчлери менен шайкеш мыкаачылык жана кан ичкичтик сыяктуу терс сапаттардын бүтүндөй бир градациясын пайдаланат:
Өлчөөң кеткен бул Жолой
Өлтүрүп канга тойбогон.
Жан кыйгычтын бири ошол,
Жан алгычтын өзү ошол,
Кан ичип жүрүп катыккан.
Каары толук заары күч,
Бул капырдан күдөр үз.
Төбө чачы сүксүйүп,
Жеп ийчүдөй үксүйүп.
Качырган каман төштөнүп,
Алуучу аюу көздөнүп,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Айкырып сунган айзасы
Карагайдай көрүнүп,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Жолум үйдөй чоюн баш
Билекке орой чалынуу
Жолойду көрсөң көзүң ач! (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536-инв., 325-б.).

Ж. баскынчы баатыр катарында калмак жоокерлерине кол башчылык кылып, талоончул жортуулдарга баштап кирет. Жекеге чыгып, согуш майданында эрдик көрсөтөт.
Жолойдун оттук ташы (Кегети өрөөнү).
Жолойдун оттук ташы (Кегети өрөөнү).
Эпосто Ж-дун эзели жоого алдырбаган баатыр экендиги, атактуу балбан аталып калмак, кытайлардын бичигине чийилгендиги, өзүнө мүдөөлөш баскынчы душман баатырларынын колунан келбеген, күчү жетпеген иштерди аткарган эрдик сапаттары баяндалат. Ж.— Коңурбай сыяктуу айлакер, куу адам эмес, болжолсуз кара күчү бар балбан. Ж-дун жанда жок соргоктугу анын ушул өзгөчөлүгү менен байланышкан. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтай кандын ашы» эпизодунда Ж-дун сорунган соргоктугу мындай берилет:
Бир күндө анын жегени —
Тогуз бука эти экен,
Тогуз кочкор эти экен
Тогуз буура эти экен
Тогуз айгыр эти экен.
Бир күндө анын ичкени —
Токсон саба кымыз экен (Валиханов жазып алган эпизод, «АлаТоо», 1979, № 7. 83-б.).

Радлов жазып алган вариантта кан Ж-дун сорунган соргоктугу: «Тамак жесе тойбогон, Суусун ичсе канбаган», — деп мүнөздөлөт. В. Радловдун пикири боюнча укмуштуудай сорунган соргок Ж. кан Манаска татыктуу баскынчы баатыр жана балбан. «Манас» эпопеясынын кийинки жазылган варианттарындагы туруктуу формулада айтылган поэтикалык ыр саптары да Ж-дун сорунган соргоктугун аныктап турат: «Алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган чоң Жолой, Алты батман буудай жеп, дан жыттанган чоң Жолой». Ж-дун күчү духунун бекемдигинде эмес, бул сапат анын ички дүйнөсү менен байланышпайт. Кеп ошол ички сапаттын жарды, көңдөйлүгүндө. Аны күчтүү кылып жаткан эрдиктин күчү эмес, тамактын күчү. Чынында эле ар-намыс, адамкерчилиги бар киши конокко келип эт уурдап жемек эмес (Көкөтөйдүн ашында Ж-дун кемеге башында быша элек этти зордуктап жегени жөнүндөгү эпизод). Ж-дун ыксыз кара күчү менен жанда жок соргоктугуна ашкан ала көөдөн, мактанчаактыгы шайкеш келип, анын рухий жардылыгын, көңдөйлүгүн ого бетер айгинелеп турат. Жоо баатыры Жолойдун рухий жардылыгы, адепсиздик, көңдөйлүгүнөн тышкары анын образына кекчилдик, ач көздүк, жаңжал чыгарууга жакындык сыяктуу терс сапаттар мүнөздүү. Ж-дун ашынган ачкөздүгүн «Көкөтөйдүн ашында» өткөрүлгөн ат чабыштын байгесин күч менен тартып алган зордукчулдук иш-аракети айгинелейт. «Ачбуудандын байгесин, алдырганча өлөлү» деп жаңжал чыгаргандардын бири Ж. болот. Радлов жазып алган вариантта да Ж. баш болгон калмактар кыргыздардын мал-мүлкүн талап алышат. Жекеме-жекеде Манас баатыр Ачалбарс кылычы менен Ж-дун башын кыя чабат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. бул эпизоддо өлбөйт, «Манас» бөлүмүнүн дээрлик бардык окуяларына катышып, кийинчерээк ажал табат. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Ждун образынын салттуулугу сакталган жана акырына чейин элдин оң идеалына, көз карашына карама-каршы коюлган. Ошондуктан эпика.лык Ждун образынын да кеңири масштабда жогорку көркөмдүктө баяндалышы «Манас» эпопеясынын монументалдуулугунун дагы бир фактору катары эсептелүүгө тийиш.
С. Алиев


Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжолой
Көптүк санжолойлор
Байланыштуу сөздөр
алыстоо
жакындоо
жолоо
Жөндөлүшү - "жолой"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жолой
Илик Кимдин? Эмненин?жолойдун
Барыш Кимге? Эмнеге?жолойго
Табыш Кимди? Эмнени?жолойду
Жатыш Кимде? Эмнеде?жолойдо
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жолойдон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жолойлор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жолойлордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жолойлорго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жолойлорду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жолойлордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жолойлордон

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: