Меню
Эл-Сөздүк

ЖОЛБОРС

ЖОЛБОРС — тотем жаныбар. Орхон-Эне-Сай жазмаларында көк түрктөрдүн уруу башчы, кандары, баатырлары жолборсту ыйык (тотем) тутуп өлтүрбөгөндүгү катталган. «Манас» эпосунда мифтик апыртма түшүнүктө сүрөттөлгөн. Ж-тун эпикалык образы башкы каармандын тотеми катары милдет аткарат. Манас жоого киргенде Ж. да мифтик башка жандыктар менен кошо баатырды коштоп жүрөт. Манастын кереметтүү бойго бүтүшү жана укмуштуу төрөлүшү да магиялык түшүнүк менен байланыштырылган. Бойго бүтөрдө эне-атасы элдин көз карашы боюнча тартынбастыктын, кайраттуулуктун, баатырдыктын символу болгон жырткыч жаныбарларды жана алгыр куштарды түштөрүндө көрүшөт. Түштө берилген аян аркылуу ошол жаныбарга таандык артыкча сапатка ээ эркек бала төрөлөрү алдын ала билинет. Болочокку баатыр бойго бүткөндө энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Тотем эсептелген Ж-тун бүткүл эти эмес, жүрөгүнүн гана магиялык касиет, күчкө ээ болушу — өзүнчө бир поэтикалык мотив. Эпикалык бул мотив өзүнүн негизин тотемдик түшүнүктөн алынган менен болочокто элин душмандан коргой турган Ж-той жүрөктүү, күч-кубаттуу баатырдын жаралышын эңсеген элдин фантазиясы көтөрүңкү пафосто чагылдырылат. Болочоктогу баатырдын энеси арстандын жүрөгүнө талгак болуп, аны жегенден кийин же ажыдаардын башын чайнагандан кийин гана каалагандай баатыр уул төрөшү казактардын «Кабыланды» эпосунда да кезигет. «Манас» эпосунун сюжетиндеги Чыйырды менен Жакыптын түшүнө кирген Ж. Манастын тотемине айланып, классикалык тотемдерге мүнөздүү белгилерди сактаганын, анын бардык милдетин аткарганын көрөбүз. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас төрөлгөндө: «Бир карасаң баладай, Бир карасаң сур жолборс» (Саякбай Каралаев, 1. 54) болуп көрүнөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардан ууланып, жарадар болуп өлүм алдында жаткан Манас колдоочусу Ж-тон жардам аларын, өзүн издеп келген Сыргак менен Серекке билдирет: «Мени дагы чоролор Бейдаарат бенде дебеңдер, Жолборстон болор жолдошум, Коркпостон болор колдошум» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 437-б.). Ж-тун жардамы менен Манас жаратынан айыгат. Манас баатыр Анжыянды бийлеген Алоокеге барган учурда, ал Манасты тымызын жайлоо үчүн ажайышканасында багылган жырткыч жаныбарларын коё берет. Бирок, алар Манаска даап кол сала алышпайт. Мында да анын колдоочуларынын бири Ж. экени окуяга поэтикалык курчтук, баатырга тете алптык касиет берип турат. Баатырлардын чексиз кара күчүн, баатырдык сапатын ЭК-тун элесине теңештирүү эпостогу терс каармандарга да мүнөздүү. «Көк күбө тонду жамынып, Көрөр болсоң Коң төрө Көк Жолборстой чамынып» турган Коңурбайдын баатырлыгын билдирет.
С. Алиев

Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжолборс
Көптүк санжолборстор
Жөндөлүшү - "жолборс"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жолборс
Илик Кимдин? Эмненин?жолборстун
Барыш Кимге? Эмнеге?жолборско
Табыш Кимди? Эмнени?жолборсту
Жатыш Кимде? Эмнеде?жолборсто
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жолборстон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жолборстор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жолборстордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жолборсторго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жолборсторду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жолборстордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жолборстордон

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: