Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖАКШЫЛЫК
  • ЖАКШЫЛЫК
  • Жакшылык алуучулар
  • жакшылыктуу
  • жакшылыкча
 

ЖАКШЫЛЫК

 
ЖАКШЫЛЫК — эпосто элдин моралдык аң-сезимин чагылдыруу менен жалпысынан этикалык түшүнүмдөрдөн кабар берет. Ал өзүнүн мазмуну боюнча жамандыкка карама-каршы. Бул антипод көрүнүш чыгармада «Туулмак бар, өлмөк бар, Жакшы менен жамандык Туш-тушунда көрмөк бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 24) — делинип, жашоодогу түбөлүктүү маселе катары тастыкталат.
Элдин социалдык-этикалык ойлорунун, идеяларынын тарыхы негизинен жакшылык менен жамандыктын (к. Жамандык) ортосундагы келишпес күрөш болуп келген. Бул учурлар «Манаста» дайыма Ж-тын жамандыктын үстүнөн болгон жеңиши, салтанат курушу менен көрүнөт. Ушул ыңгайдан алып караганда эпостун «кан тамырына терең тараган, мазмунунда чордонун аныктаган өмүр, жашоо, эркиндик, көз каранды эместик, адилеттүүлүк үчүн жан аябай күрөшүү ириде Ж-тын жаркын жышааналарын билдирет. Алсак, эпостун сюжеттик өзөгүн түзгөн окуялар (Манастын туулушу жана эрезеге жетип, элин жыйып Ала-Тоого келиши, баскынчы душмандарды багындырышы, Семетейдин эли-жерине келип, ички жана тышкы душмандар менен талбай кармашып, элине, мекенине ээ болушу жана башкалар) дал ушундай.
Эпосто чагылдырылгандай, Ж. жөнүндөгү түшүнүктү адамдар жүрөгүндө бекем сактап, аспиеттеп жүргөн түпкү кызыкчылыктары, умтулуулары, мүдөөлөрү, каалоолору, үмүт-тилектери менен ажырагыс байланыштырышкан. Муну барыдан мурда чыгарманын негизги оң каармандарынын кылган иштеринен, кылык-жоруктарынан таасын байкоого болот. Маселен, Манас баш болгон: Каныкей, Бакай, Кошой, Семетей, Алмамбет, Айчүрөк, Сейтек жана башкалар көптөгөн каармандардын бардык аракеттеринде элдин эртеңки күнү, эркиндикке умтулуусу үчүн астейдил күрөш, бийик ыймандык, адамгерчилик сапаттар башкы орунду ээлейт. Маселен, Манас 24 жаш курагында эле элге баш-көз болуп, келечегине кам көрүп, анын зор күч-аракети менен:
Азган-тозгон кайран эл,
Чогулушуп калды эми.
Медер кылып Манасты,
Мекен кылып Таласты (Саякбай Каралаев, 1. 183).

Ушул сыяктуу умтулуулар берки каармандарда да даана байкалат. Алсак, Каныкей бүткүл турган-турпаты менен Ж-ка жаралып калган адамды элестетет. Анын бул бийик сапаты Манаска ишенимдүү жан-шерик, ийги акылман болуп бергендикте гана эмес, андан да нары элдин мыкты билерманы, көсөмү даражасына да жетишкендикте. Каныкей эркинин бекемдиги, акылынын тунуктугу менен башына түшкөн бардык оор кыйынчылыктарды жеңип, өз максатына жетет. Манастын ысмын өчүрбөй сактап калууда, Семетейди эр жетилтип, элине ээ кылууда анын эмгеги аябай зор. Анын Ж. иштери жалаң эле Эл, Жер, Мекен, Манас, Семетей үчүн болгон түйшүктөрдө гана эмес, каска, доско кылган адилет, ак ниет мамилесинде да айкын сезилет. Маселен, Каныкейдин дааналыгы Кошой сыяктуу абасына чак келген кандагай тигип, анын Жолойду жыгышына өбөлгө түзгөндөн да, түбүндө душман болгон Канчоро сыяктуу адамды ак сүтү менен баккандан да байкалат.
Мындай асыл сапаттар Кошой, Бакай жана башкалар каармандарга да мүнөздүү. Ошол жоокерчилик заманда Ж. менен жамандык тынбай кагышып, кармашып, улам биринин үстүнө бири ала салып жаткан мезгилде, эл арасынан чыккан жогорудагыдай акылмандар чоң демөөр болгон. Маселен, согуш болгон жерде талоон бар. Бирок, эпосто сүрөттөлгөндөй Манас душманын багындырганда мындай учурлар байкалбайт. Ал душманынын колун гана кыйратат, бейкүнөө элди чаппайт. Ал гана эмес душмандан олжолоп алынган дүнүйөнү элге таратып берет. Алсак, Манас элге аябай запкы көрсөткөн Алооке канды жеңгенде эпосто айтылгандай:
Алоокенин сан дүйнө,
Келген жандын баарына
Атаң Кошой ошондо
Камчыга ченеп бөлдү эми (Саякбай Каралаев, 1. 215).

Акыл үстөмдүк кылган жерде Ж. болору шексиз. Манастын жогорудагыдай позициясына албетте Кошой, Бакай, Каныкей сыяктуу акылмандар таасир берген. Маселен, Бакай жоокердик артыкчылыгына караганда туура кеңеш берген, билгилик, олуялык жагы менен Манаска зор тутка, жөлөк болгон. Ал душманга дайыма келишпес мамиле кылат, ошондой эле аны жетиштүү деңгээлде баалай билет, эч качан адамгерчиликке жатпаган чеки ишке барбайт. Кырк чоро Семетейдин айтканына көнбөй, бийлигине ыкрар кылбай ага дайыма жаман иштерди жасап, акырында кытайды көздөй качышат. Семетей алардын артынан кууп жетип, бардыгын тындым кылып таштайт. Ошондо Бакай Семетейге кайрылып мындай дейт:
Манастан калган кырк чоро
Жашырып жүзүн кетпесек
Карагаттай кайран көз
Каркылдап карга ойбосун,
Каалгадай кашка тиш,
Сагызган чычып койбосун,
Бөйрөгүн бөрү ойбосун
Бөтөн эттин баарына,
Түлкүлөр капыр тойбосун.
Мингендерин союп кет,
Кетмендеп жерди оюп кет
Мингенин атап союп кет
Кырк чоронун баарысын
Белгилеп жерге коюп кет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 340).

Семетей Бакайдын тилин алып, ары-бери өткөн жолоочуларды уюштуруп, кырк чорого кырк күмбөз, кызык кылып салдырат. Мындан Семетейдин да, Бакайдын да жамандыкка жакшылык менен жооп бергендигин байкоого болот.
Эпос күбөлөп тургандай, элдин көп кылымды ичине алган социалдык-саясий экономикалык, турмуштук изденүүлөрүндө мезгилдин сынынан өтүп, адамдарга дайыма аброй болуп келген баалуу, көөнөрбөс моралдык сапаттар иштелип чыккан. Мында асыресе Ж. идеясына дем берүү чоң мааниге ээ болгон. Мындай идеянын шарданы менен адамдардын прогрессивдүү социалдык практикасы, жашоо ыңгайлары, кылган иштери, кылык-жоруктары, жүрүш-туруштары, аракеттери калыптанган. Мына ушулардын пайдалуу, оң болушуна жараша Ж. мазмуну жагынан кеңейип көп түрдүү, конкреттүү көрүнүштөрү келип чыккан. Маселен, Ж. кылуу (добродеяние, доброта), кең пейилдик (широта души), ажат ачуу (благодеяние), ак көңүлдүк (добродушие) адамдардын моралдык сапаттарына айланган. Эпосто булардан сырткары айрыкча көңүл бура турган нерсе — жакшылыкчыл (добродетель) көрүнүштөр. Бул дегинкисинде инсандык туруктуу оң, мыкты моралдык сапатын мүнөздөйт, анын моралдык абройлуулугун, нарктуулугун айгинелейт.
Мында Ж-тын эч ноюбастыгы, жашоонун эң алгылыктуулугу, ишмердүүлүгү. Ал өзү асыресе Ж-ты, ыймандуулукту активдүү алып жүрүүчүнүн ролун да көрсөтөт. Жакшылыкчыл жөнүндө түшүнүк ар бир мезгилде шартка жараша өзгөрүлүп келсе да, анын кайраттуулук, патриоттуулук, акылмандык, кең пейилдик, эрктүүлүк сапаттары дайыма сакталып калган. Эпосто буга бирден бир мисал Манаска карата колдонулган айкөл, асыл, эр, зор, сырттан, кызырдуу деген сыяктуу эпитеттер анын ашкере жакшылыкчыл адам экендигин ырастайт. Бул жерде ага карата берилген «айкөл» деген сыпаттама өзгөчө маанилүү. Ал биринчиден, өтө сыйымдуу моралдык сапатты көрсөтсө, экинчиден, эпостук каармандардын ичинен Манаска карата гана айтылат. Манасты «айкөл» деп атоо менен эл андан бүткүл жакшы нерсени көргөн. Анын ысмы жалпы эле Ж-тын символу болуп калган. Манастын туулушу эпосто кыргыздар үчүн чоң Ж-тын келиши катары көрсөтүлөт. Чындыгында эле ал «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган», «өчкөн отту күйгүзгөн, өлгөн жанды тиргизген» улуу иштерди жасайт. Эл ага тен берип, «Өйдө бассак Манасты Өбөк кылып алалы, Ылдый түшсөк Манасты Жөлөк кылып алалы» деп өздөрүнүн бүткүл үмүт-тилегин, мүдөөлөрүн, максаттарын анын аты менен байланыштырат.
Эпосто сүрөттөлгөндөй Манас өмүрүндө бирөөгө жамандык кылган жан эмес. Ырас, анын алабармандык, ээнөөлүк жагы да бар. Бул сапаттар анын жакшылыкчыл мүнөзүн кемитпестен, кайра толуктап турат. Бөтөнчө ага зордукчулдук жат нерсе. Маселен, Алтайда эл жыйылып, Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү масилетте Манас ким кааласа көчө тургандыгын эскертет. Жоого карата аттанганда адамдарды аскерге, кошунга кысым, күч колдонуу менен албайт. Ал түгүл чет Бээжинди ээлеп турганйа кайра кайтуу жөнүндө Каныкейден кат барганда да абалдын татаалдыгына карабастан, каалагандарга элге кайтууга уруксат берет. Колундагысын аябай элге чачат. Душмандын тилине да кирип кете берет.
Ушулардын бардыгы анын дегеле дилинде эч кимге залал келтирбей тургандыгын ачык далилдейт. Анын жакшылыкчыл иштери жалпы элге гана эмес, ар түрдүү адамдарга да жугумдуу. Маселен, кырк чоро ким эле:
Тонсуз келди бир чоро,
Тонсуз келген чорого,
Жакасы алтын, жеңи жез.
Кош бадана, торгой көз,
Келеме бото, кең жака,
Керишке кийсе ок өтпөс,
Тон кийгизди зор Манас.
Атсыз келген чорого,
Аркар аяк, жез билек,
Ат мингизди зор Манас.

Манастын кырк чорого кылган жакшылыгы ченемсиз. Мындай иштерди ал мамилелешкендердин бардыгына, ал түгүл душмандарына да жасайт. Анын жакшылыкчыл дыгы дегинкисинде адилеттүүлүктү, бийик ыймандык сапатты күбөлөп турат.
Эпосто Ж. жөнүндөгү элдик түшүнүмдөрү жалаң эле адамдардын жүрүш-туруш чөйрөсүндө эмес, ошондой эле анын мифтик, диний, космологиялык жана башкалар көз караштарында ширешкен формаларда чагылдырылган. Маселен, баланын жакшы жышааны менен туулушу (Манас), дуба окуу менен кыйын кырдаалдан чыгуу (Алмамбет), Ж-тын түш, аян аркылуу берилиши, Манасты дайыма сырдуу күчтөрдүн колдошу (Баба-Дыйкан, Кырк чилтен, Кызыр, жаныбарлар жана башкалар), асмандагы ай, жылдыздардын жайгашына, көрүнүшүнө карата алдыдагы иштерди аныктоо жана башкалар дайыма Ж-ка байланыштырган. Эпостун мазмунунда адамдардын өздөрүнүн жашоо турмушунда коомдогу, айлана-чөйрөдөгү жакшы нерселерди улам өздөштүрүп, үйрөнүүгө, үлгү алууга, тууроого боло турган баалуу көрүнүштөрдү дайыма алып, байытып олтурушкандыгы даана байкалат.
О. Исмаилов

ЖАКШЫЛЫК

 
ЖАКШЫЛЫК Сарык уулу (1880, Ысык-Көлдүн Шаты айылы—1934, ошол эле жер) — манасчы. Бугу уруусунан. Эл арасында «Кара ырчы» деген ат менен таанымал. Ж. тогуз жашынан жамактатып ыр айтып, он эки жашында эл аралап, жамакчы-ырчы катары белгилүү болгон. Анын «Жылдыз» аттуу дастаны мазмунунун кызыктуулугу жана уккулуктуулугу менен эл арасына кеңири тараган. Жыйырма бешке чыкканча аш-тойлордо жар чакырып, жамак айтып жүргөн. «Семетей» айта баштаганын кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат.
Жыйырма беш кезимде,
Күнү-түнү үч күндө,
Аян берип өзүмө,
Түшүмдө келди көзүмө.
Белги берип береним,
Жамагыңды ташта деп,
Түшүмдө сөзүн уккамын.
Түшүмдө сөзүн уккан соң
Жамакты мындай таштадым.
«Семетей» менен «Сейтекти»
Ошондо айта баштадым (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 57-инв., 1684-б.),

— деп эскерет. 1929-жылдан баштап андан «Семетей» менен «Сейтек» эпостору жазып алынган. Ж. өмүрүнүн акырына чейин жомок айтууну атайын кесип кылып калгандыгы жөнүндө:
«Семетей» менен «Сейтекти» Катар айтып чакылдап, Акын-ырчы атанып, Жашымдан берген кесипти, Карыганча таштабай Айтып жүрөм таштабай (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 57-инв., 1682-б,),— деп өмүрү өткөнчө эпосту айткандыгын баса белгилеген. «Семетей» эпосу — эл арасына кеңири тарап, сюжеттик, тематикалык, композициялык жактан калыптанып калган чыгарма. Ж. Сарык уулунун «Семетейинде» да бардык семетейчилерге мүнөздүү сюжеттик нук сакталып, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу сыяктуу манасчылардын варианттары менен жалпы сюжеттик схемасы, окуялардын чечмелениши боюнча үндөшүп турат. Жакшылык Сарыковдун вариантынын «Семетей» бөлүгү: Каныкейдин Букарга качканы, Семетейдин балалык чагы, Семетейдин эл-жерин угуп Таласка жөнөөгө камынганы, Каныкейдин жомогу, Семетейдин Таласка келип Абыке, Көбөш, Жакыптарга жолукканы, Атасынын алты мүлкүн алганы, Чачыкейге үйлөнгөнү, Айчүрөктүн ак куу кебин кийип учуп баатырларды сынаганы, Семетейдин Чынкожо, Толтой менен урушу, Толтойдун жомогу, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөнү, Семетейдин Коңурбай менен урушу, Кыяс менен Семетейдин урушу, Семетейдин өлүмү, Айчүрөктүн олжого кетиши, Сейтектин тарыхы жана башка окуяларды камтыйт. Көпчүлүк семетейчилерде Манас дүйнөдөн кайтканда Каныкей күмбөзүн салдырып, аны жайына койгондон кийин көп өтпөй Манастын инилери Абыке, Көбөш Каныкейге сөз айттырып, аны аялдыкка алууга аракеттенгендиктен Каныкей аргасыздан атасы Темир кандын шаарына качып баргандыгы баяндалат. Ж. деле жалпы сюжеттик нукту улантканы менен эпостун «Семетей» бөлүмүнө «Манастын» акыркы финалдык бөлүмүн кошуп айтуу менен айырмаланып турат. Семетейдин төрөлүшүнө чейин айткан баяндамасында Манастын туяксыз өтөмбү деген зары жана Көкөтөйдүн ашында Кошойдун берген батасынан бүтүп эли-жерин тышкы жана ички душмандан коргой ала турган болочокку баатыр баланын — Семетейдин дүйнөгө келиши жөнүндө айтылат. Семетей төрөлгөндөн кийин Манас жортуулга чыгып, Коңурбайды жеңип, Орто Бээжин, Чет Бээжинге сурак жүргүзөт. Бээжинди алгандан кийин Манас душманга алдатып, бүт колун кырдырып Алмамбет менен Чубактан айрылып, өзү башынан жарадар болот, Аккула аты окко учат. Абалдын оордугун байкаган Каныкей Манастын көзү өткөндө Жакып төрт уулу менен ордону талап, мени бир уулуна алып берүүгө аракеттенет деген ишеничке келип, тийиштүү ырым-жырымдарды өткөрүп, Манаска арнап күмбөз салдырат да, аны коштоп күмбөзгө алып келет. Каныкейдин камбылдыгына ыраазы болгон Манас баарын көргөндөн кийин, Семетей менен Чыйырдыны Бакайга табыштап көз жумат. Манас дүйнөдөн кайткандан кийин Каныкей Семетейди алып, Чыйырдыны ээрчитип Букарга качып барат. Семетейдин бала чагы, жигиттик курагы Букарда өтөт. Окуянын экинчи этабы — Семетейдин Таласка келиш эпизоду Сарытазга байланыштырылган. Жакшылык Сарыковдун вариантында Сарытаз Манастын чоролорунун бири катары баяндалат да, ал Абыке, Көбөш жана Жакыптан качып, Семетейдин артынан Букарга келет. Сарытаздын негизги максаты — Семетейге эли-жерин таанытуу. Ар бир семетейчиде Сарытаздын тарыхы ар кыл айтылса да, негизги мотив бардыгына тең бирдей жалпылыкты түзөт. Семетейдин Букардан Таласка көчүшү жөнүндөгү баяндамада Ысмайыл элин чогултуп той кылып, Семетейге көп мал берип, жездемдин кабарын билип келем дейт деп Семетейди Таласка чейин жеткирип келет. Ал эми Канчоро менен Күлчоронун образы Канчоро менен Күлчоронун эпиканын дүйнөсүнө келиши Жакшылык Сарыковдун вариантында бир аз өзгөчөлөнүп сүрөттөлгөн. Бул окуянын чечмелениши сюжеттик нукта түрк элдеринин, о эле дүйнө элдеринин фольклорунда салттык түрдө айтылып келе жаткан туугандашуу мотиви менен үндөшүп, эки чоронун Семетей менен эмчектеш тууган болушу баяндалат. Ж-тын айтуусунда Айчүрөк периден жаралган кыз экендиги ачык баяндалат. Өзүн Кайкынын сары белине перинин кызы тууп таштап кеткендигин жана аны Акун кан таап асырап баккандыгын:
Алакандай энеме,
Акункандай атама,
Пери ойногон жеринен,
Кайкынын сары белинен,
Перинин кызы тууп кеткен,
Таап алган талаадан

Асыранды кыз болдум (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 54-инв., 620-б.),— деп эскерет. Семетей өлгөндөн кийин ордосу таланып, Айчүрөк баш болуп олжого кетет. Күлчоронун далысы кесилип, кул катары Айчүрөк менен кошо Кыяска берилет. Ушул учурду пайдаланып, Күлчородон өч алуу үчүн, Карагул Кыяска жылкычы башы болуп келет. Башка варианттагыдай эле Сейтектин дүйнөгө келиши жана жүргүзгөн иш-аракеттери айрым бир көрүнүштөрүнө карабастан сюжети жагынан бир жалпылыкты түзөт. Айчүрөк Кыяска келгенде боюнда бар экендиги белгилүү болот. Бала төрөлгөндө анын көзүн тазалоо Кыястын оюнда жүрөт. Ошентип, Сейтек төрөлгөндө аны жок кылууну Кыяс беш мастан кемпирге тапшырат. Сейтек дүйнөгө келип, көз жарып жаткан учурунда Айчүрөктүн сиңдиси Көкмончок беш кемпирди дубалап, баланы өлүмдөн куткарып калат. Сейтек эс тартып эрезеге жеткенде Орус кандын кызы Күлнаарыга үйлөнөт. Сейтек Кара дөө менен кармашып, аны жеңет. Эпостун финалында Сейтек менен Күлчоро душмандарын жеңип, Таласка келгенден кийин Сейтек энеси Айчүрөктү Күлчорого тийсин деп ортомчу салат. Айчүрөк макул болгону менен Күлчоро макул болбойт. Жалпысынан алганда Жакшылык Сарыковдун вариантында Семетейдин Чачыкейге үйлөнүшү, Семетейдин Коңурбайдан атасынын кунун кууганы, Семетейдин өлүмү жана башкалар салттык эпизоддор бүтүндөй кезигет. Бул жогоруда эскерилгендей айрым бир окуялардагы мотивдердин берилиши боюнча айырмачылыктар жана кошумчалар бар экендиги байкалат. «Сейтек» бөлүмүндө да туугандар арасындагы араздашуунун натыйжасында Айчүрөк колго түшүп туткунга кетет. Ата-бабасы сыяктуу эле Сейтектин да балалык күнү башка эл, башка жерде өтөт. Акыры өз эл, жерин таап, атасынын кунун кубалап, өчүн алгандыгы баяндалат. Ж. Сарык уулунун айтуусунда жазылып алынган «Семетей», «Сейтектин» варианты кол жазма түрүндө 12 китеп (дептер) болуп Кыргыз республикасынын Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 53—54. 57, 214-инв.).
К. Кырбашев


Получить все переводы слова - "ЖАКШЫЛЫК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖАКШЫЛЫК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖАКШЫЛЫК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru