Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖААНГЕР КОЖО
  • ЖААНГЕР КОЖО
 

ЖААНГЕР КОЖО

 
ЖААНГЕР КОЖО — эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эпикалык өмүр жолу толугураак берилген. Ж. к. Иса пайгамбарга 40 жыл кызмат кылып, батасын алгандан кийин Мухамед пайгамбарга кезигип анын да батасын алат. 850 жыл жашаган Ж. к. жер кезип жүрүп, баласы Билерик экөө Нескаранын колуна түшүп калат. Нескара аларды Кырмус шаага тапшырат. Кырмус шаа Ж. к-нун баласын барымтага алып калып, зынданга салат да атасын коё берет. Туткундагы баласына айланчыктаган Ж. к. ал жерге жакын кумга ырабат салганы үчүн Кумарайым падыша атыгат, ал жерде кудайга жети жыл зар айтат. Ошондо ага Кызыр келип, сенин зарың Алдага угулуп, тилегиң орундалмак болду, катагандын кан Кошоюна бар дейт. Кошой Ж. к-нун өтүнүчүн орундатып, Кашкар, Котон, Жаркен жана башкалар бир катар шаарларды нечен айлаамал, сыйкыр, эрдик менен каратып, Билерикти туткундан куткарат. А. А. Валитова «Манастагы» Ж. к., анын баласы Билерик жөнүндөгү эпизодду 1822 — 28-жылдардагы Жаангер кожонун Цин династиясына каршы көтөрүлүшүнө тийиштүү Чыгыш Түркстандагы тарыхый окуялар менен байланыштуу караган. Бирок, бул В. М. Жирмунский белгилегендей байыртан келе жаткан эпикалык баянга кийинки кошулган жаңы катмарлардан. «Зийа-ал-кулуб», «Жалис-и Муштакин» сыяктуу тарыхый булактарга караганда Жаангердин тибиндеги кожонун образы 16-кылымда түзүлө баштаган болуу керек. Себеби, Махдум-и Азам, Кожо Искахтар ушул кездерде Чыгыш-Түркстандагы бутпарас дининдеги элдерди, анын ичинде кыргыздарды мусулман динин алгач кабыл алдырган. Ошол мезгилдерге чамалаш Орто Азиядан жаңыдан ооп барган катаган уруусунун өкүлдөрү мамлекеттик иштерде активдүү роль ойногондугу, а түгүл бийлик башында тургандыгы катагандын кан Кошоюна байланыштырылып, кожо жөнүндөгү мотивдин эпоско киришине шарт түзгөн болуу керек, к. Кошой.
Р. Сарыпбеков


Получить все переводы слова - "ЖААНГЕР КОЖО" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖААНГЕР КОЖО" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖААНГЕР КОЖО"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru