Меню
Эл-Сөздүк

ДӨӨКАН

ДӨӨКАН — эпизоддук кейипкер, Араникти жердеп, бийлик жүргүзгөн кытай каны. Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын вариантында («Манастын» биринчи китеби) Манас менен Дөөдүр алптын кагылышында чай жүктөлгөн үч жүз төө Д-дыкы экени эскерилет. Дөөдүр Манасты Д-га байлап алып барарын айтып коркутат. ошондой эле эпостун башка окуяларында жана Кошойдун эскерүүлөрүндө калмак, кытай жөнүндө сөз болгондо, жер-жерди бийлеп турган кандар менен катар «Араникте Дөөкан бар», «Дөөкан келип калбасын» делип айтылып отурат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: