Menu
Эл-Сөздүк

ДӨМҮЛ

ДӨМҮЛ — эпизоддук кейипкер, Дөбөт элинин беги. Көкөтөйдүн ашына чакырылып, үч миң кол менен келгендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 100, 107). ДӨҢГӨ — каарман. Кытайдын кыйын ишке салчу балбаны. Алооке Манас төрөлө электе Д. баш болгон балбандарын жумшап, каршылык көрсөтмөкчү болгон Каракандын сегиз уулун туш-тушка чилдей таратат. Манасты тирүү байлап, Бээжинге алып кел деп Эсенкан бекеринен Д-нү жибербейт. Баштап келген колун Манаска кырдырып, Д. өзү да Манастын колунан өлүм табат, Жолой күндү жайлап качып кутулат. Д-нүн өлгөнүн уккан Эсенкан «Баатыр Дөңгө, Каман алп Булардай болгон эр кана?» (Саякбай Каралаев, 1. 122),— деп Жолойду жемелейт.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: