Menu
Эл-Сөздүк

ДЫҢША

ДЫҢША — топоним, эпостун варианттарында дуңша, дыңша, туңша, дуңшаң деген формаларда айтылып, негизинен эл жана жер (шаар, чөл.талаа маанисинде айтылат: «Беги качкан берен журт Бейпай Туңша деген журт» (Сагымбай Орозбаков, 4. 275), «Кытайлар Дыңша дээр экен, Кырк күнчүлүк чөл экен» (Саякбай Каралаев, 1, 11). «Качып кетер жолуна, Дыңша талаа боюна, Он эки чоро жиберген» (Саякбай Каралаев, 1. 210). Мында «дыңшаң» же «дуңшаң» термини менен Кытайдын Гансу провинциясында жашаган моңгол тилинде сүйлөгөн эл (дунсян) жана ошол эл жашаган реалдуу аймак аталат. Дагы бир учурда:
Чынмачынга, Бээжинге
Чын Каканга, Туңшага
Алоокенин Коңурбай
Улук болду мынчага (Саякбай Каралаев, 1. 166),— деп айтылат.



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: