Меню
Эл-Сөздүк

ДЫЙКАНБАЙ

ДЫЙКАНБАЙ Тойчубек уулу (1873, Түп району, Ой-Булак айылы —1923, ошол эле жер) — семетейчи. Көлдөгү белектин алдаяр уруусунан. Бир тууган иниси Алмабек Тойчубек уулунун эскерүүсүнө караганда атасы Тойчубек сыяктуу Д. да «Семетей» эпосун айтканы өтө жашынан билинген. Бирок, ал эпосту айтуу менен чектелбей, элдик ырларды чыгарган жамакчы-ырчы да болуптур. Бала ырчы аталып жүргөн кезинде бир дубана жолугуп, оозуна үч түкүрүп, кор болбо деп маңдайынан сылап, Манасты айтып жүр деп айткан экен. Дубана даарыганга чейин эле Д. эпосту айтып жүргөн. Д-дын жамакчылыгына Балыктын уулу Найманбай менен айтышы кирет. Мисалы, Д-га Найманбай:
Жай айтасың «Семетей»,
Кыш айтасың «Семетей»
Кийбейсиң бир башыңа
Алакандай бүтүн тебетей (Кол жазмалар фондусу, 233инв., 49-б.) десе:
Мен ырдайын бугудан
Аркы атамды сурасаң,
Атаң эмес, нар деген,
Алтын эмес зар деген
Мен белектин баласы,
Жашыман берди арбакты
Ырдап өттүм Семетей менен Манасты (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 49-б.),

— деп кордошо турган болгондо эл тыйып коёт. Д. Солтонкул деген чоң байдын ашында жар чакырат. Ыры кордоо мүнөзүндө болгондуктан билермандары Д-дан мындан ары жар чакырып жаман айтуусун токтотуп, жомок гана айтуусун суранган. Мына ошондон баштап Д. жаман айтып ырдаганын койгон экен. Ал солто, сарбагыш, көл өрөөнүндө, Нарын, Ат-Башы жана башкалар жерлерге барып (Нарын-Көл, Жаргент) эпос айткан учуру болгон. Д. кытай жериндеги черик уруусуна барып, «Манас» айткан. Үркүндө да кытайга кыргыздарга барып, эпос айтып жүргөн. Д. чоң жомокчулардан Акылбек, Назар, Тыныбек, Сагымбай өңдүүлөргө жолуккан. Тыныбек «Дыйканбайдын алдына Семетейди айтууда ак калпактуу кыргыздан эч ким чыга албайт» (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 50-б.),— деп эскериптир.
С. Алиев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: