Меню
Эл-Сөздүк

ДОСУМБАЕВ

ДОСУМБАЕВ Күмболот (1939, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы) — Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти. СССР кинематография союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр өнөр институтун бүткөн (1963); 1963-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгек жолун баштаган.
К. Досумбаев — Манас. «Айкөл Манас» драмасы, 1990.
К. Досумбаев — Манас. «Айкөл Манас» драмасы, 1990.
Д. бир топ драмаларда башкы каармандарынын ролун ойнойт. Кинодо бир нече кинофильмдерге тартылган. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Сарытаздын, «Сейтек» (1987) спектаклинде Кыястын, «Айкөл Манас» (1990) спектаклинде Манастын ролун аткарган. Д.. Маанастын образын ачууда Манасты башкалардан бөлүп бөтөнчө орунга койгон жана аны башкы каарман болууга укук берген өзгөчө артык сапаттары — эл башчы, жетекчи экендигин чебер аткарган. Драмадагы окуялардын курулушунда, негизги идеянын ачылышында Д. Манасты теңдеши жок баатыр, ашкан балбан, арстандай айбаттуу жоокер, кең пейил, калыс жол башчы, жоонун сырын билген кол башчы жана башкалар артык сапаттарга ээ адам катары көрсөткөн.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: