Menü
Эл-Сөздүк

ДОМАБИЛ

ДОМАБИЛ — кейипкер, алтайлык калмак жайсаңы. Кортукту Манас өлтүргөндө кун алмакчы болуп келген Д. баш болгон алтайлык сегиз жүз калмак Жакыптын жылкысын түгөл тийип алып, ошол жерде кыргыздар менен канатташ жашаган манжулук калмактарды да талоон кылып жиберишет. Дөгөн аттуу карыя кунга малды ченеп албайсыңарбы, эртең кыргызга биз эмне дейбиз десе, Д. аны айбалта менен бир салып өлтүрүп, алтайлык менен манжулук өз ара согушуп калат. Мына ошондо кыргыз, казак менен манжулуктар биригип, Д-ди баш кылып бир топ алтайлык калмакты өлтүрөт, калгандары качып кетет (Сагымбай Орозбаков, 1. 154, 166).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: