ДАЛЫ АЧУУ |
Таргылтаз далы жаккан соң, Далыга карап алган соң, Таргылтаз туруп дагы айтат: Капырдын каны чоң Жолой, Мен коркомун далыдан, Бул далынын ичинде, Казанбактай кайран баш, Кан алдынан жыгылды Туулгадагы кайран баш, Туу алдынан жыгылды, Ушул быйыл аттанба Атка каршы ай экен, Эрге каршы жыл экен... Ага десең болбосоң Ай жаңыртып аттангын (Радлов жазып алган вариант, 197). Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарында кытай кандарынын бири Карыкан коркунуч болор алдында «далы жагып» көргөнү (Сагымбай Орозбаков, 2. 113; Саякбай Каралаев, 2. 113) сүрөттөлөт. Эпикалык душман тарап эле эмес, Манастын чоролорунун ичинде да болочокто боло турган окуяларды алдын ала бал ачып, төлгө тартып, Д. а-п билүүчүлөр болгон. Агыдай чоро далыны карап эле боло турган кыйынчылыктарды, жакшылыкты жана башкалар окуяларды алдын ала айтат. Көрүнүп тургандай, «Манаста» душман тарабындагылар далыны отко күйгүзүп, ал эми кыргыздар далыны жөн эле карап көрүп алдыда күтүп турган окуяларды биле алышкан. Мунун өзү түрк элдери менен моңгол жана кытай элдеринин диний ишеним салттарындагы айырмачылыкты айгинелейт. Койдун далысынын магиялык мындай күчүнө ишенүүчүлүк калмактардын «Жангарында» да жолугат. С. Алиев |
Получить все переводы слова - "ДАЛЫ АЧУУ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ДАЛЫ АЧУУ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ДАЛЫ АЧУУ"?
Ввойти